This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
«Улуган ким? Онтогон ким? Чатакташкан ким? Кайгырган ким? Себепсиз жараат алган ким? Көзү канталап кызарган ким? Алар – керээли кечке шарап ичип отургандар, алар – күчтүү ичимдикти жакшы көргөндөр».
Бүгүн биз силер менен коомчулуктун чоң көйгөйү болгон аракечтик жөнүндө сүйлөшсөк. «Арак адамды мас кылат, мастык адамды адамга жат кылат», - демекчи, адам пендеси арактын жаман кесепеттерин билсе дагы, майрамдарда, аш – тойлордо арак дасторкондун көркү, сыйлуу коногу болуп калды. Канчалаган үй бүлөлөрдүн бузулушуна, ата менен баланын ортосундагы мээримдин кетишине, иш ордунан, коомдогу сый – урматтан ажыроосуна, наристелердин майып болуп төрөлүшүнө себепкер болуп келет. Ага карабай, аракечтик күн санап өсүүдө.
Айрым адамдар оор кырдаалдан бошонуу жолун аракечтиктен издейт. «Ачууну ачуу басат», - деп арак менен сооронушат. Тилекке каршы алар бул сооронуулары менен шайтандын тузагына илинип жатышканын билишпейт. Кудай Сөзүндө мындай деп жазылган: «Шарап адамды шылдың кылат. Күчтүү ичкилик адамды оолуктурат. Буларга берилгендердин баары акылсыз. Шарап ичип мас болгондордун арасында болбо. Анткени ичкичтер жакырданып кетишет».
Улуу адамдар балдарын «Арак ичпе!» - деп тыят да, той – топурларда: «Дары болсун. Эми алып ийели!» - деп ичип коюшат. «Эмнеге ичтиң?» - деген суроого улуулар кызаңдашып: «Мени тим эле аракеч болуп кеткендей болуп сурайсың да!» - деп таарынышат. Бирок Кудай Сөзүндө:
«Алданбагыла! Ойноштук кылуучулар да, бутка табынуучулар да, нике бузуучулар да, аял жандуулар да, бачабаздар да, уурулар да, дүнүйөкорлор да, аракечтер да, ушакчылар да, талап – тоноочулар да Кудайдын падышалыгын мурасташпайт», - деп жазылган. Демек, көңүл бурсаңыз, аракечтер да бейишке кирбейт экен.
«Адамча таап, айбанча керектебе!» - деп айтылып жүргөн элдин арасында эң сонун сөз бар. Айрым адамдар тапкан – ташыганынын баарын аракка жумшап коюп, үйүндөгү балдары ачка отурганы азыр жаңылык болбой калды. Өз балдарынын ырыскысын аракка алмашкан адамдар арактын кулу болуп, кылып жаткан ишине акыл калчай алышпайт. Алардын денеси аракка көнүп, ансыз жашай албай калат. Ал эми акылын арактын атасы – шайтан башкарып калат. Кудай мындай деп эскертет: «Шараптын кызарып турганына, чөйчөктүн көбүк чачып турганына, мелтиреп турганына караба. Акырында ал сени жылаандай чагат. Уулуу жыландай ууландырат».
Замандаш, мүмкүн сиз аракты таштоого эркиңиз жетпей жүргөндүр. Ооба, арак ичкендин эртеси күнү көзүңүзгө жаш айланып, кетирген каталарыңызга өкүнөсүз. Бирок баш оору дале болсо басылбайт. Кайра ичесиз. Чыгуу жолун издейсиз. Бирок чыгуу жолу жок сыяктуу. Атүгүл дарыгерлерге да кайрылсаңыз керек. Албетте, өзүңүздүн эркиңиз бекем болбосо, дары деле жардам бере албасы анык. Кандайдыр бир күч бул азаптан куткаруусун тилеп, көзү ачык, табып, экстрасенстерге да баргансыз. Сокурду сокур жетелей албагандай, алар да силерге жардам бере алган эмес. Сизди арактын кулчулугунан сизди жараткан, сизди түшүнгөн, сизди сүйгөн, колунан баары келген Кудай гана куткара алат. Ал сизге эң биринчиден түбөлүк өмүрүн бергиси келет. Ал эми алсыздыктарыңызды Ага тапшырып, күнөөлөрүңүз үчүн Кудайдан Ыйса аркылуу кечирим сурасаңыз, Ал сизди кечирет. Чыныгы эркиндикти Ал гана берет. Эмне болгон эркиндик дээрсиз. Арактын, күнөөнүн кулчулугунан бошонуу эркиндиги. Ыйса сизди сүйөт.