This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Жалгыздык
Адамдар өздөрүн эч качан азыркы учурдагыдай жалгыз сезишпеген. Ошол эле учурда адамдар азыркыдай жыш жашашкан эмес. Бири – бирибизге ушунчалык жакын жашаганыбызга карабастан өзүбүздү жалгыз сезебиз. 19 жаштагы бир бала бир жолу мага:
- Менин эч кимим жок, - деп калды.
- Койсоңчу болбогон кепти. Атаң бар эмеспи? - десем,
- Ошол чалбы? Ал үйгө кечке маал саат бештерде келет да, бир аз күңкүлдөйт, анан тамактанып алып кайра кетет, - деп жооп берди.
- А апаңчы?
- Анын түйшүгү ушунчалык көп болгондуктан, мени менен иши да жок.
- Жумуштагы досторуңчу?
- Чогуу иштегеним эле болбосо, алар менен жүрөгүмдөгүнү бөлүшө албайм.
Муну мага 19 жаштагы бала айтты. Бирок мындай жалгыздык балдарда эле болбойт. Канча жылдан бери күйөөсү менен чогуу жашап жатып, өзүн жалгыз сезген аялдар канча?! Күйөөлөрдүн абалы деле ошондой. Күйөөсү аялын эмне тынчсыздандыраарын билбейт. Аялы күйөөсүнүн жүрөгүндөгүсүн билбейт. Бирок бир үй бүлө болуп жашап келишет.
Бардыгыбыз чындыгында жалгызбыз. 16 жаштагы бала жалгыздыктан куткара турган кызды издейт. Аялы менен жашаган эркек өзүн таптакыр жалгыз сезип, жалгыздыктан куткарат деген ой менен өзүнүн секретарына барат. Жалгыздыктан кутулууга болгон умтулуу жашоодогу эң күчтүү инстинкт менен дененин каалоосу биригет. Ошентип азыркы учурда өтө бузулган дүйнөдө жашап жатабыз.
Бактысыздык эмнеде? Бактысыздык – биздин жакшыны жамандан айырмалай албай калганыбызда. «Азыр заман башка, туура кабыл алыш керек», - дейбиз. Бирок бир нерсе өзгөрүүсүз кала берет. Ал күнөө. Эгерде мен күнөө кылсам, ал менин абийиримди булгайт. Ошентип бактысыздык – жакшы менен жаманды айырмалай албай калгандан келип чыгат. Сиздерге суроо бергенге уруксат этсеңиздер:
- Кыздын никеге чейин бузулушу жакшыбы же жаманбы?
- Эркектердин ойнош күткөнү же аялы туруп, башка аялдарга барганы жакшыбы же жаманбы?
- Ажырашуу тууралуу ойлоруңуз кандай? Кайсынысы жакшы? Кайсынысы жаман?
Дүйнө ушунчалык булганган. Бактысыздык мына ушундан башталат.
Адамдын абийири эмне жакшы, эмне жаман экенин айырмалап, эскертип турат. Бирок аны уккандар чанда гана. Кудайдын бар экенин билген адам күнөө болорун туят. Кудай тирүү! Ал тирүү болгондон кийин, акыркы сөздү: эмне жакшы жана эмне жаман экенин Өзү айтат. Силер Аны өзүңөрдүн жашооңордон четке чыгарып койсоңор да болот. Биздин моралдык негиздерибиз башка, - деп айтсаңар да болот. Бирок баарыбыз акыры Кудайдын алдында жооп беребиз. Эмне жакшы жана эмне жаман экенин Кудай гана аныктай тургандыгын билүү – кандай гана жеңилдик. Өзүнүн сөзү болгон Библияда Ал бизге бул жөнүндө ачык жана так айтат.
Мисалы, Кудай башында эркек менен аялды жараткан. Демек аялдардын эркек болгусу келгени, эркектердин өзүн аялдардай алып жүрүүсү Жараткандын мыйзамына туура келбейт. Ар бир эркектин өз аялы болууга тийиш. Ал экөө гана. Үчүнчүсү жок. Дагы бир маанилүү нерсе: Кудай жыныстык байланышты нике менен чектеп койгон. Бул Жараткан негиздеген нерсе. Бул жерде Голливуд жылдыздарынын төртүнчү, бешинчи же алтынчы никеси туурасында сөз болуп жаткан жери жок. Кудай никени сүйүүнүн жана ишенимдүүлүктүн негизи кылып койгон. Никенин башкы мааниси мында: аял өз милдетин аткарып, даамдуулап тамак жасап, топчусун тагып, үй иштерине тың болсо эле жакшы аял болуп эсептелбейт. Же күйөө – акчаны жакшы таап, бардыгы менен камсыз кылып койсо эле жакшы күйөө эмес. Кудайдын каалоосу боюнча курулган нике – жалгыздыктан кутулуу болуп эсептелет. Мүмкүн сиз бүгүн ушул туурасында ойлонуп көрөрсүз. Сиз өзүңүздү кандай сезип жүрөсүз? Аялыңыздын абалын билесизби? Үйдөгү майда – чүйдөдөн чоң чырга айланган чатактын тамыры ушул жалгыздык болуп жүрбөсүн. Кудай жаштардын таза болушун каалайт. Үй бүлө кура элек жаштар, силерге керектүү учурда керектүү жубайды Кудай караштыраарына бекем ишенсеңер болот. Бирок ошол келечектеги жубайыңарга силер азыр эле ишенимдүү болушуңар керек. Же тескерисинче, кыздар, силер өзүңөр азырынча таптакыр билбеген адамга ишенимдүүлүгүңөрдү сактагыла. Теңир ар бир үй бүлөгө, ар бир пендесине ырайым кылсын. Үй бүлөлүк бакыт каалайбыз.