This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Үй бүлө бактысы
Ар бир эле адам үй бүлөсүндө бактылуу жашаганды каалайт десек, «жок» дебессиз. Сиз да мындай каалоочулардын катарында экендигиңизге шегибиз жок. Жубайың менен балдарыңды бакытка чулгап, андан өзүң ырахат алсаң – адам үчүн мындан өткөн чыныгы бакыт жок болсо керек.
Бүгүн биз сизге үй бүлөнү бактылуу кылуу тууралуу түрдүү кеңештер менен бөлүшүүнүн ордуна, жөн гана жашоодон алынган бир окуяны сунуштоону чечтик. Себеби бул окуя топ кеңешке караганда, сизге көп сүйлөп берет.
Анда эмесе, жашоодон алынган мисал назарыңызда:
«Жубайым экөөбүз ажырашуудан башка арга көрбөй калган туңгуюкка келип такалдык. Ушундай караңгы күндөрдүн биринде иш сапарга кеттим. Келген соң ажырашуу процессине киришмей болдум. Арадан бир жума билинбей өтүп кетти. Үйгө кайтаар маал да келди. Ишенесиңерби, өзүмдүн качандыр бир кезде жан дилим менен шашып барган үйүмө баргым келбей, ашыкпайм дагы. Бул эмне деген шумдук! Бул абалга кантип келип калдык?!
Кечкисин душка түшүп жатып, ичиме толгон букту, ызаны чыгарып алгым келдиби, айтор, жүзүмдү агып жаткан сууга тосо, тамагым айрылганча катуу кыйкырдым. «Оо, Жараткан, Сен мени бул аялга жаңылып кошуп койгонсуң, менин өмүрлүк жарым таптакыр башкача адам болушу керек болчу. Мен эми эмне кылышым керек?» Эркек башым менен бүк түшүп отуруп алып, көпкө чейин ыйладым. Жан дүйнөмдө күрөш болуп жатты. Бир маалда «өзүмдү өзүм жеңем, бул күрөштө мен аялымды эмес, өзүмдү жеңишим керек, мен аялымды эмес, өзүмдү өзгөртүшүм керек» деген эркектик чечим чыгардым.
Эртеси үйгө келдим, эшикти ачып жатып, аялым салкын гана тосуп аларын билип турдум. Атүгүл, келдиңби дегендей, бир бурулуп да карап койбойт. Түнкүсүн экөөбүз бир төшөктө бири – бирибизге жапжакын жатабыз, бирок ошол эле учурда ушунчалык алыспыз. Таң атаары менен аялыма бурулуп: «Бүгүн мен сага кантип жакшы маанай тартуулай алам?» - деп сурадым. Аялым түшүнбөй, мени бир саамга тиктей карады да, жуурканды шыр ачып, ордунан туруп баратып: «Сени кайсы кара теке сүздү?» - деп туруп кетти. Эртеси да дал ушул эле суроону бердим, ал мени какшыктай: «Кечинде тамак бышырып койсоң, менин маанайым беш болот», - деди да, эшикти тарс жаап чыгып кетти. Кечинде ал жакшы көргөн тамакты жасап, күтүп алдым. Унчуккан жок, тамагын ичти да, идиштерди чогултуп, өзүнүн аялдык милдетин аткарып жүрдү. Кийинки күнү ушул эле суроону узаттым. «Бүгүн мен сага кантип жакшы маанай тартуулай алам?» «Бул сурооңду мага экинчи бербечи», - деди. Мен: «Анте албайм, өзүмө эркектик сөз бергем», - деп кыска гана жооп бердим. Аялымдын ишенкирбей айтып кеткен талаптарын аткарып коюп жаттым. Албетте, мага бул оңойго турган жок, эркектик куру намыс деген нерсе бар эмеспи. Бирок мен өзүм менен күрөшүп, жеңип жаттым. Бул суроону кийинки күнү да бергенимде, аялым ыйлап жиберди. Ый аралаш көп сөздөрдү айтты. Акыры экөөбүз баштагыдай бекем кучакташып, бири – биризден кечирим сурадык. Ошентип, өзүмдү жеңүү менен үй бүлөмдү сактап калдым».
Сулайман пайгамбардын Накыл сөздөрүндөгү берген кеңеши эч качан оюңуздан чыкпасын: «Өз көлмөңдөгү, өз кудугуңдагы суудан ич. Булактарың көчөгө, агын сууларың аянттарга акпасын. Алар жат кишиге эмес, бир гана сага таандык болсун. Жаш кезде алган маралдай сүйкүмдүү, жейрендей сулуу аялың менен кубан…анын махабаты менен дайыма ырахаттан. Уулум, башка бирөөнүн аялына кызыгып, башка бирөөнүн аялынын төшүн кучактап эмне кыласың?»
Өз сүйүүңдү өзүңдүн жарың менен гана бөлүш.
Өз үй бүлөңүз үчүн күрөшүңүз.
Чыныгы сүйүү кандай болот?
- Чыныгы сүйүү өзүнөн дайыма баш тарта билет.
- Чыныгы сүйүү башканы бактылуу кылууга ашыгат.
- Чыныгы сүйүү чыдамдуу, боорукер.
- Чыныгы сүйүү көрө албастык кылбайт, мактанбайт, текеберденбейт.
- Чыныгы сүйүү адепсиздик кылбайт, өз пайдасын көздөбөйт, ачууланбайт, кек сактабайт.
- Чыныгы сүйүү адилетсиздикке кубанбайт, чындыкка кубанат.
- Чыныгы сүйүү баарын жаап коет, баарына ишенет, баарынан үмүт үзбөйт, баарын көтөрөт.
(Инжил китебинен)