This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Жердеги жашообуз чечилбеген сыр боюнча калып жатса да, бул суроо бүгүнкү күндө да көп адамдарды тынчсыздандырат. Адам жаралгандан тартып анын жашоосу бешиктен башталып, мүрзө менен бүтүүдө. Анын жашоосу төрөлүү жана өлүм деген эки табышмактын ортосунда өтөт.
Жыл сайын өлүм жер үстүнөн 40 миллион адамдын өмүрүн алып кетет. Адамдын денеси жерге коюлгандан тартып жер астында өзүнүн баштапкы химиялык элементтерине ажырайт. Узак өмүр сүргөн учурда да адам өмүрү кандай чектелүү жана кыска! Муса мындай деп зар – муңун айтат: “Сен адамды алдан тайдырып: “Адам баласы, кайрадан топуракка кайт!” – дейсиң. Анткени Сенин көз алдыңда миң жыл кечээ эле өтүп кеткен күндөй, түнкү күзөт убагындай. Сен аларды сел алгандай алып кетесиң. Алардын өмүрү түш сыяктуу; алардын жашоосу эртең менен өсүп чыгып, гүлдөп, көгөрүп, кечинде чабылып, кургап калган чөп сыяктуу...Биз өз жылдарыбызды үн сыяктуу жоготтук. Биздин өмүр жашыбыз – жетимиш жыл, ал эми күч – кубаттуу болсок – сексен жыл. Анын эң сонун учуру – эмгек жана оору. Анткени өмүрүбүз зуулдап тез өтөт” (Заб. 89).
Биз жердеги жашообуздун чектелүү экенин унутуп калабыз. “Биздин өмүр жашыбыз – жетимиш жыл...”, бирок көп адамдар ошончо жыл жашабайт. Анын уктаганга кеткен үчтөн бир бөлүгүн (23 жыл) алып салсак, 70 жылдан 47 жыл гана калат, андан дагы 10 жылды балалыкка, 10 жылды билим алууга кетирсек, болгону, 27 жыл калат. 27 жыл ичинде адам үй бүлө куруп, балдарын тарбиялап чоңойтуп, улгайгандан кийинки жашоосу үчүн кам көрүп, өзүн, курчап турган ааламды таанып билип, Кудай менен элдешип, артына кандайдыр бир из калтырып, өз жашоосунун максатын жана түбөлүктүү үлүшүн билип алышы керек.
“Адам баласы бир ирет өлүп, андан кийин сотко келиши керек” (Эвр. 9). Кудай бизге өлүм жөнүндө көп эскертет. Ал катуу, айыкпас оорулар, кырсыктар, табигый кырсыктар, жашоодогу аргасыз абалдар, Өзүнүн көптөгөн жолдору жана мүмкүнчүлүктөрү аркылуу бизге өлүм жөнүндө эскертип турат. Өлүмдү жеңүүгө жасалган аракеттин баары аңкоолук, күлкү келтирерлик нерсе болгон жана ошол бойдон калууда.
Өлүмдү бир гана Инсан жеңе алган. Ал өлүмдү Өзүнүн өмүрүн берүү аркылуу айкаш жыгачта жеңген.
Бул өмүрдөн өтөт экен даанышман да,
Өтөт экен ак элечек апалар да.
Дүйнөнү бүт титиреткен падыша да,
Өтөт экен асыл, сулуу аруулар да.
Көргөн түштөй өтөт чыгар алдыңдан,
Өмүр жалган, аны эч ким биле албаган.
Бул өмүрдүн чын – бышыгын, купуясын
Канча издеп, эч ким аны таба албаган.
Уккун бүгүн, уккун үнүн Жараткандын,
Эгедери баткан күндүн, аткан таңдын.
Пенделерим барсынчы деп бейиш төргө,
Сүйгөндүктөн, биз үчүн Ал төккөн канын.
Түбөлүккө барар жолун көрсөтүп,
Ыйса Теңир жерге келген төрөлүп.
Жараткандын аларынан берери көп,
Сен да алгын, турба, досум көгөрүп.