This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Эс алууга баш коюп калгандырсыз, түн али алдыда. Кудай буюрса, таң сизди көпкө күтпөйт. Таң атат да, сизди да төмөндөгү замандашыбыздай кылып, тандоолордун алдына койот. Сиз эмнени тандайт элеңиз.
Тандоо
Айланамда тынчтык өкүм сүрүп турат. Күн али эрте. Колумда бир чыны ысык чай. Асман дале караңгы. Дүйнө али уйкуда. Жаңы күн кирип келатат.
Дагы бир аз убакыттан кийин жаңы күн башталат. Күндүн чыгышы менен ал менин жашоомо күрүлдөгөн күү менен кирип келет. Таңкы тынчтык күндүн ызы-чуусу менен алмашат. Беттегенин бербеген адамдын муктаждыктары обочодогу бейпилдикти сүрүп чыгарып койот. Таңдагы бейкуттук чечим чыгаруу зарылчылыктарына жеңилет.
Жакынкы он эки саатта күн өзүнүн талаптарын коюп турат. Бирок так ушул убакытта мен тандашым керек. Теңирге рахмат, Анын курмандыгынын арты менен эмнени тандоо керектигин билем. Ошондуктан мен тандайм...
Мен сүйүүнү тандайм...
Жек көрүү эч нерсе менен акталбашы керек. Кандай гана адилетсиздик болбосун, ачуу кек туудурбашы керек. Мен сүйүүнү тандайм, бүгүн мен Кудайды жана Кудай эмнени сүйсө ошону сүйөмүн.
Мен кубанычты тандайм...
Кандай гана кырдаал болбосун, ага Кудай Теңирдин бийлик кылуусун өтүнөм. Абийирсиз иштин азгырыгына берилбейм. Адамдарга Кудайдын жараткандары деп гана карайм. Андан кем кароодон баш тартам. Ар бир кырдаалды Кудайды көрүүгө мүмкүнчүлүк катары гана эсептейм.
Мен тынчтыкты тандайм...
Мен кечирүү менен жашайм. Өмүргө ээ болуш үчүн, кечирем.
Мен чыдамдуулукту тандайм...
Мен жашоодогу ыңгайсыздыктарга көңүл бура бербейм. Менин ордумду ээлеп алганды жекиргендин ордуна, өзүм ага орун бошотуп берем. Көпкө күтүүгө туура келгендиги үчүн наалагандын ордуна, сыйынуу үчүн берилген дагы бир мүмкүнчүлүк үчүн Кудайга ыраазычылык келтирем. Тапшырылган ишти аткарууга тырышып, муштум түйгөндүн ордуна, андай ишти ачууну кубанычка айлантуу менен чечем.
Мен ак көңүлдүктү тандайм...
Мен жакырлар жалгыз болушкандыктан, аларга ак көңүлдүк менен мамиле кылам. Байлардын жашоолору коркунучта болгондуктан, аларга ак көңүлдүк кылам. Карамүртөз адамдарга ак көңүл болом, анткени Кудай мага ак көңүл.
Мен такыбаалыкты тандайм...
Мейли, чөнтөгүмдө бир тыйын акча калбай калсын, эч качан адал эмгек менен табылбаган акчаны кармабайм. Мейли, жаманатты болоюн, бирок эч качан мактанбайм. Күнөөлөбөйм, андан көрө күнөөмдү мойнума алам. Мен такыбаалыкты тандайм.
Мен ишенчиликтүү болууну тандайм...
Эмнени убада кылсам, ошону аткарамын. Мага карыз бергендер, бергени үчүн өкүнүшпөйт. Чогуу иштешкендерим менин сөзүмөн шектенишпейт. Өмүрлүк жарым менин сүйүүмөн шектенбейт.
Мен момундукту тандайм...
Эч нерсеге күч менен жетүүгө болбойт. Мен момун болом. Мен үнүмдү Кудайды даңктоо үчүн гана көтөрөм. Сыйынуу үчүн гана муштумдарымды түйөм. Эгер талап кыла турган болсом, өзүмдөн гана талап кылам.
Мен өзүмдү өзүм текшерүүнү тандайм...
Мен руханий затмын. Бул дене өлгөндөн кийин, рухум аны таштайт. Мен бир убакта чирий турган нерсенин, түбөлүк жашай турган нерсенин үстүнөн бийлик кылуусуна жол бербейм. Мен кубанычтан гана мас болом. Ишенимимде гана өтө кызыгуу менен берилүүнү таба алам. Мага Кудай гана таасир бере алат. Ыйса гана менин Окутуучум болот. Мен өзүмдү өзүм текшерүүнү тандайм.
Сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, такыбаалык, ишенчиликтүүлүк жана өзүн өзү текшерүү. Мен өзүмдүн күнүмдү ушуларга арнайм.