This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Кудай аялды жаратып жатканда алтынчы күнү кечке чейин эмгектенди. Кудай Өз ишин кылып жатканда, жанынан өтүп бараткан периште:
- «Эмнеге ага көп убактыңды коротуп жатасың»-деп сурады.
- Кудай периштеге: «Менин бул керемет жаратуум кандай талаптарга жооп бериши керек экенин сен билесиңби?». «Анын дене мүчөлөрү өзгөчө болушу керек, ал бир эле учурда бир нече баланы кучагына батыра ала турган, өзүнүн кучагы менен жараланган тизелерден баштап, жүрөктөгү дарттарга чейин айыктыра ала тургандай болот. Мына ушул жана башка көптөгөн иштерге эки эле колу бар болуп туруп жетише алат».
- «Болгону эки эле колу мененби…мүмкүн эмес!»-деп периште таң калды.- «Мындай керемет чеберчиликти бир күндө жасап коё аласыңбы, эртеңкиге калтырсаң…эртең бүтүрөт чыгарсың».
- «Жок, Мен өзүмдүн эң сүйүктүү жаратуумду жасап бүтүшүмө аз калды,»-деп жооп берди Кудай.- «Эгер ал ооруп кала турган болсо, өзү эле айыгып алат. Бир күндө 18саат иштегенге күчү жетет».
Периште аялга жакын келип, колун тийгизип көрүп: « Кудай, бирок Сен аны өтө эле назик кылып жасаптырсың го».
- «Ооба, ал өтө эле назик. Бирок мен аны күчтүү да кылып жасадым. Ал эмнелерге гана чыдап, кандай гана иштерге жөндөмдүү экенин - сен жада калса элесте албайсың».
- «Ал ойлоно да алабы?»-деп сурады периште.
- Кудай периштеге: «ал жөн гана ойлонууга эле эмес, чечим чыгарууга, келишим түзүүгө жөндөмдүү…»
- Периште аялдын бетине колун тийгизип көрүп: « Кудай…Сенин бул жаратууңдун жүзү агып баратат го, Сен ага оор жүктү жүктөп койгон жоксуңбу?».
- «Жок, анын жүзү агып бараткан жок, бул анын жашы…» - деп Кудай периштенин сөзүн оңдоду.
- «Ал эмне үчүн?»-деп периште кайрадан суроо берди.
- «Жашы менен ал өзүнүн кайгысын, шектенүүсүн, жалгыздыгын, бакытын, кубанычын, сүйүүсүн билдире алат» - деп Кудай жооп берди.
Мунун баары периштени абдан таң калтырды: «О Кудай, Сен кереметсиң! Сен баарын ойлонуп койгонсуң. Аял... ал чынында укмуштуудай жаратууң!»
Ооба, Кудай сизди керемет кылып жараткан. Сиз кыйынчылыктарды көтөрүп, тагдырдын ташкындарына чыдай аласыз. Сиз бакыт алып келесиз, сүйөсүз, түшүнө аласыз. Эмнеге ишенсеңиз, ошол үчүн күрөшө аласыз. Адилетсиздикти карап тура албайсыз. Сиздин сүйүүңүз шартсыз. Жоготуулар же жакын адамыңыздын кыйналганын көргөндө, жүрөгүңүз кайгыда сыздайт. Бирок ошого карабастан, жашоону андан ары улантууга күч табасыз. Бирок, сиздин бир кемчилигиңиз - өзүңүздүн канчалык баалуу экениңизди унутуп каласыз.
Кудайдын көз алдында абдан кымбатсыз!
Эч качан унутпаңыз!
Сиз үчүн Ыйса асманды таштап жерге келген!!!