This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Аристотель биздин доорго чейин бир нече жыл мурун мындай деп айткан экен: "Музыка мүнөздү калыптандыруучу күчкө ээ". Бул сөздү мындайча чечмелесек болот: "Биз уккан жана көргөн нерсеге айланабыз". Музыка аркылуу курган дүйнөбүз бизди жакшылыкка же жамандыкка жөндөмдүү кылып, жүрөгүбүзгө жана акылыбызга сиңип кетет. Музыка биздин сулуулукка, сылыктыкка, акылдуулукка, тилге жана башкаларга болгон мамилебизге таасир этет. Эгерде бузулган тамакты жесек, анда акыры денебизге зыян келтиребиз. Ошо сыяктуу эле, сиздин жаныңызды азыктандырган азыктар сиздин эмоционалдык же руханий абалыңызга таасир этет. Бир жолу популярдуу телерадиокомпаниянын негиздөөчүсү жана президенти мактангандыктан, “сиз жасай алган эң күчтүү маалымат эмоцияга байланыштуу. Эгер адамдардын эмоциясын башкара алсаңыз, алар өз ой жүгүртүүсүн унутуп сиздин колуңузда болот жана биз аларга ээбиз." деген экен.
До, ре, ми, фа, соль, ля, си деп баарыдыгыз эле ноталардын аталышын билет болушубуз керек. Бирок ар биринин өзгөчө, эң сонун мааниси бар. Ушул туурасында бул макаладан кенен биле аласыз. До – Dominus - Теңир, Ре – Rerum – материя, ми – Miraculum – керемет, фа – Familias Planetarium – күн системасы, соль – Solis - күн, ля – Lactea Via – Саманчынын жолу, си – Siderae – асман. Ноталардын мааниси кандай сонун. Башталганда эле Кудай Теңир менен башталат.
Жаш өткөн сайын мээнин тышкы кабыгы калыңдай баштайт. Канадалык окумуштуулар мурда мээнин айрым бөлүгүндөгү тышкы кабыктын жукаруусу чочулоо, депрессия, ойду топтой албоо, агрессия жана жүрүм-турумду көзөмөлгө алууда көйгөй жаратарын аныкташкан. Профессор Худзяк иштеп чыккан модель боюнча өспүрүмдүн чөйрөсү: ата-энеси, мугалимдери, достору, үй айбанаттары, сабактан тышкаркы убакта китеп окуу жана спорт менен машыгуу анын психологиялык саламаттыгына кандай таасир этери изилденген. Изилдөөнүн натыйжасында, музыкалык аспаптарды ойноо мээнин кыймыл-аракетин көзөмөлдөп координациялоочу бөлүгүн өзгөрткөн. Эң маанилүүсү - музыкалык аспапта ойноо мээнин эс-тутум менен ойду көзөмөлгө алуучу, келечектеги иштерди уюштуруучу жана пландоочу бөлүгүнүн сырткы кабыгынын калыңдыгына таасир эткен экен.
Жаратуучу Кудай Теңир бардыгын Өзүнүн даңкы үчүн эң сонун максатта жараткан. Кудай берген үн жана музыка да Аны даңктоо үчүн жаратылган. Андыктан кымбаттуу окурман, музыкалык аспаптарды үйрөнүп, пайдалуу музыкаларды угалы жана да музыкаларды тандоодо өтө сергек бололу.