This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Бул турмуш эмне жаманбы?
Же Күнөөгө толгон адамбы?
Тааныбай Кудай Теңирди
Кээде жамандайбыз заманды.
Тээ мурда энесин урган бар беле,
Же энелер сыйга зар беле?
Аталар сакал жайкалткан
Көчөдө качан калды эле?
Ал эми азыр карасаң,
Каңгырап көчө кезген көп,
Үйүнөн качып безген көп,
Же топуратып той берип,
Жардыны жумшап эзген көп.
Жашынан тойбой токочко
Турмуштун уусун сезген көп.
Чыланып ачуу аракка,
Карабай үйдө тамакка.
Таң атпай чыгып көчөгө,
Сагаалап комок тарапка.
Бүт сатып ичкен ырысын,
Койнуна катып чынысын.
Жүз грамм берчи буга, - деп,
Ар кимге сунуп тымызын.
Ажырап арак айынан,
Бүлөдөн үйүр алышкан.
Эр азамат жигит көп,
Жалгыздап жашап калышкан.
Тагдырын бүтүн тапшырып,
Суурулуп келген элинен.
Жаа бою качкан келин көп,
Бир кезде сүйүшүп тийген эринен.
Тогуз ай бойдо көтөрүп,
Толготуп араң төрөгөн.
Көп эле жерден кездешет,
Баласын эне жериген.
Батырбай нечен кайнене,
Баласы сүйгөн келинин.
Жамандай берип ар жерде,
Ал тургай кандайын ата тегинин.
Баласы ошол келинди жаңылып алып алганын,
Бат эле бала төрөлүп.
Аргасыз жашап калганын.
Какшана берип ар жерде,
Байкабай калат акыры
Ортого оңолгус бүлүк салганын.
Кор болду нечен энелер,
Кире албай үйгө эшиктен,
Шыкаалап ар кыл тешиктен.
Жакшы ооз сөз укпай уулунан,
Бир гана сөгүнгөн үнүн эшиткен.
Өзүнөн сезбей күнөөнү,
Күнөөлөш жеңил бирөөнү.
Тажатты мени булар, - деп
Таң калтып үйдө бүлөнү.
Акыркы кезде көп угам
Үйүнөн качкан күйөөнү.
Талкалап жашоо түнөгүн,
Көбөйтүп күнөө үрөнүн.
Ээрчитип алып кеткен көп
Күйөөсүн башка бирөөнүн.
Карабай үйдө балага,
Камыры ашкан чарада.
Түтүнмө - түтүн кыдырган,
Таң калам кээ бир аялга.
Ким менен кимдин жүргөнүн,
Ким менен кимдин күлгөнүн.
Көбүртүп айтып эселеп,
Апыртып эмне көргөнүн.
Жашоосу эле далилдейт,
Анын жамандык издеп жүргөнүн.
Эстесе болмок а көрөк
Үйүндө калган баласын,
Камыры ашкан чарасын.
Ылгабай айткан ушагы,
Тескебей агын карасын.
Бузарын адам арасын.
Байлыкка балкып көпкөн бар,
Токочко жетпей чөккөн бар.
Ыраазы болбой чоңду эңсеп,
Ырысын колдо тепкен бар.
Кээ бирөөнө бар дүйнө,
Кээ бирөөнө зар дүйнө.
Адамзат баткан күнөөгө,
Чын эле азыр тар дүйнө.
Жакшылык дайым кылганы,
Же жамандык ойлоп турганы.
Күнөөсүн дайым сезгени,
Же чындыктан качып безгени.
Кайдыгер болуп башкага,
Теңсинбей карап өзгөнү.
Теңирге баары белгилүү
Кимиси кандайча жашап өткөнү.
Кудайдын келет алдына
Бир күнү баары үчүн отчёт бергени.
Убакыт сааты келгенде
Токтолот өмүр барасы.
Бөлүнөт ошол учурда
Денеден жандын арасы.
Адамдын жансыз денесин
Ардактап жерге көөмп коёт артында ага иниси.
А бүт күнөөң үчүн жооп берчү
Калкалайт жанды кимиси.
Атадан алтоо болсо да,
Ар жалгыздык башта бар.
Бүт күнөөң үчүн жооп берчү
Бул ошол кез үчүн жаттап ал.
Барганча Теңир алдына
Көңүлгө бекем сактап ал.
Адвокат болбойт ал жакта,
Акча алып актап койгондой.
Ата энең болбойт ал жакта,
Паралап коюн сойгондой.
Тууганың болбойт ал жакта
Суранып күнүң чойгондой.
Кошунаң болот ал жакта
Жакшы деп кепил болгондой.
Тозокту карай жетелеп,
Жаныңа күнөө өч болот.
Кечирим сурап калбайсың,
Өлгөндөн кийин кеч болот.
Болсоңор эгер кулакдар,
Соолубас Ыйса булак бар.
Ишенбей түртсөң сен Аны,
Сен үчүн катуу сурак бар.
Куранда дагы жазылган
Дүйнөнү Ыйса соттойт, - деп
Соттоочу Ошол деп турса,
Ким айтат "Андан коркпойм", - деп?
Ишенсең ишенбесең да,
Кудайдын иши токтобойт.
Адамдын кылчу күнөөсүн
Бир гана Ыйса октолойт.
Кечирим алсаң Ыйсадан,
Кудайдын Ыйык Сөзүндө
Жазылып турат соттобойт.