This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Түбөлүк өмүр
Жараткандын жанга берген керемети,
Өмүр бою соолубаган тунук булак.
Эч качан токтобогон саат жебеси,
Түбөлүк күйүп турган өчпөс чырак.
Кудай түбөлүктүү, өлбөс болгондуктан адамга да түбөлүк өмүр берген. Жарык дүйнөгө келген ар бир адам эч качан жок болуп кетпейт.
Кудай адамга Өз Рухунан бергендиктен, адам түбөлүк жашайт.
Адамдын жашоосуна өлүм,адам күнөө кетирген себептен улам келген.
Кудай адамды бейиш бакчасына жайгаштырып, мындай осуят берди:
«…Бактагы ар кандай дарактын жемишинен жесең болот, бирок жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, анткени андан даам таткан күнү өлүп каласың».
«Даам татсаң, өлөсүң», - деп Кудай эскерткенине карабастан, азгыруучу шайтандын тилине кирип: «Жок, өлбөйсүңөр» - деген сөзүнө ишенип, адамдар күнөөгө батып, өлүмгө дуушар болушту. Ошондо Кудай алардын күнөөсү үчүн:«Сен топураксың, топуракка кайра барасың», - деп өлүм өкүмүн чыгарды.
Кудай Теңир адамдын денесин топурактан жаратып, анын жүзүнө өмүр демин үйлөгөндө, ал тирүү жан болуп калган. Адам денеге тийиштүү күнөө кетиргендиктен, анын руху /жаны/ денеден бөлүнөт.
«…топурактан жаралган дене кайра топурак болуп калат, ал эми Кудай берген рух Кудайга кетет». Адамдын өлүмү дене менен жандын бөлүнүүсү болуп эсептелет. Жан Кудайдын алдына барганда Кудайдын чечими боюнча тозокко же бейишке барат. Жерде жашап жатканда Кудайга ишенип Ал көрсөткөн жол аркылуу күнөөсүнө кечирим алгандар бейишке кирет. Күнөөлүү жолдо жашап Кудайга ишенбегендер тозокко түшөт.
Тозоктон чыгуу жолу жок экенин Аян китебинен 20 – бөлүм 20 – аяттан окуйбуз. «…шайтан күйүп жаткан күкүрттүү көлгө ыргытылды. Ал жерде жырткыч жана жалган пайгамбар бар. Алар күнү – түнү түбөлүк кыйналышат». Адамдар жөнүндө мындай жазылган Аян 20 – бөлүм, 13, 15 – аяттар: « Ошондо деңиз өзүндөгү өлгөн адамдарды кайрып берди, өлүм жана өлгөндөр жаткан жай да өздөрүндөгү өлгөн адамдарды кайрып беришти. Ар бир адам өз иштерине жараша соттолду. Ал эми ким өмүр китебине жазылбаган болсо, ал күйүп турган көлгө ыргытылды».
Адам тозокко түшпөш үчүн Кудай жалгыз Уулу Ыйса Машайакты адамдардын күнөөсү үчүн кун төлөө курмандыгы катары берди. Сен өмүр китебине жазылып, түбөлүк Кудай менен болушуң үчүн Ыйса сенин күнөөң үчүн өлдү. Күнөөлөрүңдү моюнга алып, Кудайдан «Уулуң Ыйса аркылуу мени кечир», - десең, түбөлүк өмүргө ээ болосуң. Күнөө кечирилиши үчүн Кудай көрсөткөн жол ушул.
Аян 21, 3 – 5: «...мына Кудайдын жыйын чатыры адамдар менен бирге. Кудай алар менен жашайт, алар Анын эли болушат. Кудай алардын ар бир көз жашын аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт. Анан тактыда отурган мындай деди:”Мына, Мен бардыгын жаңы жаратып жатам”, - деп айтып, Кудай бул сөздөргө Өз мөөрүн койду.
“Жаз, анткени бул сөздөр туура жана чындык. Оомийин».