This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Кадырман замандаш
Сен турмушуңда көптөгөн жакшы жана жаман кабарларды уккансың, ал эми азыр сага айта турганыбыз – Жакшы кабар. Азыр окуганың сенин өмүрүңдөгү эң маанилүү кабар болуп калышын каалар элек. Эмесе, бул Жакшы кабар Кудай жөнүндө болмокчу.
Албетте сен мындан мурун көп жолу Кудай жөнүндө уккансың, Ал жөнүндө эл арасында көп айтылат эмеспи. Биз болсо сага Кудай жөнүндө Тоорат, Забур, Инжил, башкача айтканда, пайгамбарлар жазган Ыйык Китептер аркылуу айтып берели.
Адамзат, дегеле ар бир адам бул дүйнөдө өзү ачык билбесе да, жүрөгүңдөгү боштукту толтуруу үчүн бир нерсени издейт. Атүгүл ошол издөө өмүр бою созулушу да ыктымал. Кээде баарын таштап, унутуп салгың да келет, бирок жан – дүйнөдөгү боштук тынчыңды ала берет. Сен да ойлонуп көрсөң, ошол боштукту эмне менен толтурабыз? Деги биз эмнени издеп жүрөбүз?
Сыртынан карасаң, бардыгы эле ойдогудай көрүнгөнсүйт: бири байлык артынан түшүп, бири сүйгөнүн таап, бири үй – жайга жетип бактылуу болушкандай. Эгин талаасын тээ үстүнөн, бийиктиктен карасаң, толкуган деңиздей баары сонун көрүнөт. Бирок аралап көрчү, алардын арасында жакшы өспөй калгандарын, отоо чөптөрдү көрөсүң. Айрыкча жакындарыбызды же тааныштарыбызды жолуктуруп, алар менен учурашканда, жылмайыңкы карап: “жакшы” же “Кудайга шүгүр”, - деп коебуз. Аттиң ай, чынында эле баары жакшы болуп калса эмне? Ушул дүйнөдөгү эң жакшы деген нерселер, адамдардын бири – бирине сүйүүсү – сен издегениң беле, сенин ичиңдеги боштукту толтурдубу, ишеним менен кармай турган, таяна турган урагыс жөлөк боло алдыбы? Ой – кыялыңды, түйшүгүңдү, ооруңду толук басып, жүрөгүңдө эч кандай бузулгус түбөлүк тынчтык бердиби? Кайра эле өзүбүзгө суроо берип, жооп таба албай чалынабыз.
Мына ошол жүрөк эңсеген тынчтыкты, кара кылды как жарган чындыкты, дүйнөдө жок кубанычты, адамзатты түйшөлткөн суроолорго жоопту, чексиз сүйүүнү жана эң негизгиси түбөлүк өмүрдү биз бир гана Кудайдан табат экенбиз.
Кудай бирөө эле, демек, чындык да бирөө эле. Ошентип биздин издегенибиз сүйүү экен, замандаш. Анткени сүйүү – бул Кудай Өзү. Кудай – сүйүү.
Адам баласы сүйүү үчүн жаралган. Ата – эне менен баланын сүйүүсү, кыз – жигиттин сүйүүсү, туулган жерге болгон сүйүү бар. Бирок адамга бул сүйүүлөр жетишсиз. Биз Кудайдын сүйүүсүнө муктажбыз.
Кудай Адам ата менен Обо энени жаратып, аларды Эдем бакчасына жайгаштырган. Ошол бакчада көп жемиш бактарын жана өмүр багын, ошондой эле жакшылык менен жамандыкты таанытуучу бакты да жараткан. Бирок Кудай мындай деп тыюу салат:”Бул жердеги бардык бактардан же, бирок жакшылык менен жамандыкты таанытуучу бактан жебе, себеби жеген күнү өлүм менен өлөсүң”.
Кудай Адам ата менен Обо энени ыйык кылып жараткан, алар жамандык деген эмне экенин билишкен эмес. Кудай аларга акыл, сезим, эрк берип, алардын Ага күч менен баш ийүүсүн эмес, өз каалоолору менен кызмат кылуусун каалаган. Бирок алар жылаан кейпинде келген шайтандын тилине кирип, жебеш керек болгон жемиштен жеп, Кудайдын сөзүн укпай күнөө кетиришти. Адам ата менен Обо энеден тараган адамдар (биз) ошол күндөн тартып Кудайдан айрылып, рухий өлүмгө дуушар болгонбуз. Бул тууралуу Ыйык Китепте мындай деп жазылган: “Адам атада бардыгы күнөө кетиришти”. Күнөө үчүн жаза – түбөлүк тозок. Биз канчалык өзүбүздү таза деп эсептесек да, Адам атанын каны аркылуу баарыбыз күнөөкөрбүз, анткени бүткүл адамзат Адам менен Обо энеден тараган.
Бүгүн сен кандай деген жашыруун күнөөлөрүң менен жүрөсүң. Алардан канча жолу бошоноюн дегенсиң, бирок күчүң жеткен эмес. Бул күнөөкөрдүк, кулчулук абал Ыйсанын айткан сөзүнүн аныктыгын далилдейт. Ал мындай деген: “Ар бир күнөө жасаган адам күнөөнүн кулу”.
“Күнөө үчүн жаза – өлүм”. Кудай адилеттүү болгондуктан, эч бир күнөөнү жазасыз калтырбайт. Бул дүйнөдө ким өзүн күнөөсүзмүн деп айта алат? Эч ким. Демек, биз ошол өлүм жазасы боюнча өлүшүбүз керек эле, бирок биздин ордубузга Ыйса күнөөлөрүбүздү мойнуна алып өлдү. Кудай Ыйса Машайакты курмандыкка, өлүмгө берди. Ал аркылуу бизге болгон сүйүүсүн далилдеди. Бирок Ал тирилип кетти. Анткени өлүм Ыйсанын алдында алсыз эле. Анын эч күнөөсүз каны төгүлдү. Мына ошол кан Ага ишенген ар бир адамдын күнөөлөрүн жууп, өлүмдөн өмүргө өткөрөт. Себеби Ыйык Жазууда жазылган: “Адил адам ишеними менен тирүү болот”. Ошондуктан өзүбүздү өзүбүз алдап сооротпойлу. Кудайдын чындыгын таануучу убакыт келип жетти. Эмесе, замандаш, сенин алдыңда эң маанилүү чечим турат: же түбөлүк тозок, же түбөлүк өмүр. Кайсынысын тандасаң эрк өзүңдө. Адамдар менен жамандык – жакшылыкты чогуу көргөн жеңил, бирок Кудайдын алдында ар бирибиз өзүбүз үчүн жооп беребиз. Бул чындык. Эртең эмне болорун билбейбиз. Ойлонуп чечүүчү убакыт – бүгүн.
Кудайдан кечирим алуу үчүн эмне кылышым керек деп жаткандырсың. Кудайга мындай деп кайрылсаң болот:”Улуу Кудай! Мен күнөөкөрмүн. Ыйсанын менин күнөөлөрүмдү Өзүнө алып, төгүлгөн каны үчүн ыраазымын. Ыйса Теңир, өмүрүмдү эми Өзүң башкар”. Эгерде сен чын жүрөктөн кайрылсаң, Ал Өзүнүн Инжилде жазылган сөзү боюнча түбөлүк өмүргө ээ кылат. “Кудайдын Уулуна ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ, ал эми Ага баш ийбеген адам өмүргө ээ болбойт, Кудайдын каары анын үстүндө болот”.