This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Биринчи курсту ийгиликтүү аяктаган Анара, жайында ата – энеси менен чогуу эс алып бүтүп, окууга даярданып жаткан учуру эле. Кечинде жакын тууган жеңеси келип калды. Сөздөн сөз чыгып, күйөө туурасында кеп козголот. Жеңе жеңелик милдетин аткармакка кайын сиңдисинин турмушка чыгаар маалы жеткенин, ылайыктуу күйөөнү да караштырып койгонун айтат. Жеңенин оюн баамдаган ата – эне кызын коруп, али жаш экенин айтышат. Кетип баратып, жеңе кызды сыртка ээрчите чыгат. “Бул бала тиги Кызылкүлдү издеп жүрүптүр, үйүн көргөзүп койчу”, - дейт да, жеңеси эч сыр билгизбей үйүн көздөй басат. Анара эч нерседен шек албай, машинага отурат. Бирок машина Анара айткан жакка айдабай, айылдан чыгып бара жатканда гана, каршылык көрсөтө баштады. Айдоочу үйгө кире кете турганын айтып, Анараны тынчтандырып койду. Бирок андай болгон жок. Көп өтпөй, Анара иштин жайын түшүндү. Көрсө Мирландын алып келген кызы отурбай коюп, үй бүлөгө жигиттин намысын коргош үчүн иши кылып эле кыз табыш керек болгон тура. Кечинде кирип келген жеңенин сөздөрү да жөн жерден эмес экенин Анара кеч түшүндү. Куураган кыз өмүрүндө биринчи жолу көргөн балага турмушка чыкпасын айтып, чыркырады. Акыркы үмүтү ата – энесинде эле. Эртеси келип, алып кетишет деп ойлогон. Эртеси келген ата – эне: “Жаман жер эмес, кор болбойсуң. Кыздын барар жери күйөө. Таш түшкөн жеринде оор. Бизди жер каратпай отуруп эле кал, кызым”, - деди да, куда – сөөктүн сый – урматын көрүп, узап кетишти.
Анара ызадан уугуп, өлгүсү келди. Эми ал эптеп эле ушул үйдөн, кандай жол менен болсо да качып чыгуу керектигин ойлоду. Бул ою ишке ашып, качып барса, ата – энеси кызды баягы чоочун үйгө кайра жеткирип берди. Бул сапар кайын журт жаңы келинди эркелетип отурушкан жок. “Экинчи качпайм деп, нанды кармап туруп ушул жерден карган. Эгер кетем дей турган болсоң, менден аттап өтүп кет”, - деп босогого жатып алган кайнене кыйкырды. Психологиялык чабуул өз максатына жетти. Анара карыган кишини аттай албай, ыйлаган бойдон калып калды. Сыртынан моюн сунганы менен ичи эңшерилип, мындай адилетсиздикке, басынтууга ызаланып жатты.
Окуусуна Анара күйөөсү менен барды. Кайын журтунан алыс жүргөндө, күйөөсүнөн кутулууга мүмкүндүк болот деп ойлогон. Шаардагы ага – эжеси абалымды түшүнөт деп үмүттөнгөн. Бирок алар да ата – энеси менен сүйлөшүп алышкандай. “Эгер ажырашам дей турган болсоң, каалаган жериңе бар. Сен бизге бир тууган эмессиң”, - деп коркутушту. Бирок мындай коркутуудан кийин да Анара башына түшкөн кайгысы менен элдеше алган жок. Кийимдерин чогултуп, дос кызыныкына кетип калса, эжелери артынан барып, жатаканадан таап, сабап, кайра күйөөсүнө жеткирип беришти. Ошондо айласы куруган кыз күйөөсүнөн качып, ваннага кирип, мойнуна сыйыртмак салды. Бирок ажалы жок экен. Кызды сактап калышты. Анын жан дүйнөсү жабыркап, жашоого кызыгы өчүп, алдыга койгон максаттары ишке ашпай, тагдыры талкаланды. Акыры күйөөсү менен ажырашып, өзү окуган жайдын жатаканасында жашап жүргөн жерине эжелери дагы келип: “Сенин көк беттигиңдин айынан апам ооруканада жатат. Эгер өлүп калса, сен күнөөлүү болосуң”, - деп коркутушту. Аргасы жок Анара алар менен айылга кетүүгө туура келди. Чынында эле апасы ооруп жаттыбы же Анарага салынган дагы бир капканбы? Айтор Анара ошол бойдон белгисиз жоголду.
Кыргыз элиндеги ала качуу салты боюнча америкалыктардын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы үрөйүңдү учурат. Интернетти карап отуруп, ала качуу темасына кызыгып калышат да, бир айылга барып, социологиялык сурамжылоо жүргүзүп көрүшөт. Ошол бир айылда эле 385 ала качуу болгонун билишкен. Мындан 50 жыл мурда үйлөнгөндөрдөн 30 % ала качып үйлөнүшсө, бүгүнкү күндө бул сан эки эсе өстү.
Демек, эгемендүү мамлекетибизде ала качуу модага айлангандай. Ала качуу ата – бабалардан калган салт дегендер да бар. Бул ой жаңылыштык. Эмнеге дегенде, кыргыздар сүйлөшүп, куда түшүп, эки жак макулдашып, эки жаштын көңүлүн сурап, анан үйлөндүрүшкөн.
Ала качуу эмнеден келип чыккан. Буга ар кандай ойлор айтылып келет. Кандай болгондо да, ала качуу Кудайдын алдында уурулукка тете. Адамдын макулдугусуз зордоп баш ийдирүү, кордоо, басынтуу. Дөөт падышанын Забурунда мындай деген аят бар: “Зордук – зомбулукту жакшы көргөндү Теңир жек көрөт”. Ала качып кетүү – зордук эмеспи? Ала качуусуз эле үйлөнсө болбойбу? Кыздын макулдугу менен, анын каалоосу менен баш кошуп, ынтымактуу үй бүлө курууга не жетсин. Кудайдын сөзүндө: “Ким жакшы аял таба алат? Анын баасы асыл берметтерден да жогору”, - деп жазылган. Ооба, ала качып келген кыз сиз үчүн жакшы деңизчи. Бирок анын жүрөгүн канатып, анын адамдык укугун тебелеп салганыңыз – анын асылдыгын жоготкондугуңуз. Жараткан эркек менен аялды сүйүү менен кошкон. Алардын бактылуу жашоосу үчүн кам көргөн. Эгерде эки тараптан тең сүйүү болсо, ынтымактуу, бекем, кубанычка, тынчтыкка курчалган бактылуу үй бүлө курууга болот.
Ала качуу – бул, орой айтканда, жапайылык. Өз келечегине кайдыгер карап, тобокелге салгандар гана мындай жорукка барышат. Акырында айтар сөз: эгер сиз бактылуу жашагыңыз келсе, ала качуу деген күнөөнү жасабаңыз. Өз келечегиңизди Кудайга тапшырып, акыл эстүү иш кылыңыз.