This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Биз – жердиктербиз. Биз билген бардык мамлекеттер, шаарлар, токойлор жана океандар ушу жердин бетинде жайгашкан. Жер күн системасына кирет. Күн системасы деген эмне? Сегиз планета күндүн айланасында жайгашып, аны айланып турушат. Аларга – Меркурий, Венера, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран жана Нептун. Ушулардын баары биригип күн системасы деп аталат.
Күндөн баштап санаганда жер планетасы үчүнчү болуп жайгашкан. Жерде гана жашоо бар. Адам баласынынын жана башка тирүү жандардын, тирүү организмдердин жашоосу үчүн эмне керек болсо, анын баары жерде гана бар. Температура – өтө ысык эмес жана өтө муздак эмес болушу керек. Суу, атмосфера жана башка маанилүү нерселер. Атмосферанын өзүндө эле дагы көп маанилүү элементтер бар. Башка планеталарда андай нерселер жок. Кудай жерди жаратып жатканда, аны адамдардын жана башка тирүү организмдердин жашоосуна ылайыктуу кылып жараткан.
Мындай карасаң, жер өтө деле чоң планета эмес. Тескерисинче, ал кичинекей планеталардын катарына кирет. Жерден кичине Меркурий менен Венера эле бар. Жердин радиусу – 6371 километр. Жер – топтоголок.
Илгерки адамдар жер шар формасында экенин билишкен эмес. Алар жерди жалпак табактай деп элестетишкен. Бир жолу деңиз саякатчылары жерди кыдырып жүрүшүп, айланып кайра ошол жерге келип калышканда анан: «Аа, жер тоголок турбайбы», - деп калышкан. Азыр болсо баарыбыз эле жердин шар формасында экенин билебиз. Космостон тартылган жердин сүрөттөрүн көрсөңөр керек. Биздин жер аябай кооз, бардык планеталардын ичинен ар түстүү болуп турат.
Жер, күн системасындагы башка планеталардай эле, айланып турат: күндү айланат жана өз огунда айланат. Күндү айланганда ал топтоголок айланбайт, эллипс боюнча айланат. Эллипс деген – сүйрү дегенди билдирет. Жер айланып, жердин бетинде күн жана түн алмашып турат. Жердин күнгө карап турган жагында жарык болуп турса, берки жагында караңгы болот. Өзүнүн огунда жер 24 сааттын ичинде айланат. Ошентип сутка өтөт.
Жыл алмашуу бир аз башкачараак болот. Күндү жер толугу менен айланып чыгышы үчүн 365 күн керек. Жыл мезгилдеринин алмашышы күнгө жакын же алыс болгонуна байланыштуу деп ойлошуңар мүмкүн. Бирок андай эмес. Абанын температурасы жердин күнгө карата канча градуска бурулуп турганынан көз каранды. Жер айланып жатканда күндүн нурлары жерге ар кандай градуста түшөт. Түптүз түшкөндө жай мезгили келет. Кыйгач түшкөндө – суук болот. Канчалык көбүрөөк кыйгачтаса, ошончолук суук болот.
Күндүн эң түз нурлары экватор сызыгына туш келет. Ошондуктан ал жакта дайыма ысык. Ал эми жердин эки полюсуна күн дайыма кыйгач гана тийип, жердин бетин жылытып жетишпейт. Ошондуктан Арктика менен Антарктидада дайыма суук болуп турат.
Жер планетасы бир нече катмардан турат. Эң эле чок ортосунда ядро. Анын сырты катуу жана ичи суюк. Ядронун чоңдугу Марс планетасындай. Сырткы жана ички ядро бар. Жердин бул бөлүгү абдан ысык. Канчалык тереңдеген сайын, ошончолук ысык. Ядронун сыртындагы катмар мантия деп аталат. Бул катмар жердин көбүнчө бөлүгүн түзөт. Мантия суюк да эмес, коюу да эмес, жумшак десек болот.
Андан кийинки катмар – бул жердин кыртышы. Башка катмарлар менен салыштырмалуу жер кыртышы жука. Кургак жердеги кыртыш жана океандын астындагы кыртыш бар. Кургак жердеги кыртыш 40 – 50 километрге жетет. Океандардын астындагы кыртыш болсо 5 – 10 километрге эле жетет. Кыртыш жердин 1 гана % түзөт. Мантиянын сырткы бөлүгү менен жердин кыртышын литосфера деп коюшат.
Гидросфера болсо жердин үстүндөгү суулардын баары. Аларга дүйнөлүк океандар, суулар, мөңгүлөр, жер астындагы суулар кирет. Ошентип гидросфера литосферанын үстүндө жайгашкан.
Анын үстүндө атмосфера. Бул жердин бөлүгү эмес, аны каптап турган газ катмары. Ал жерди чулгап турат да, жер менен кошо айланып жүрөт. Атмосферанын курамындагы кычкылтек тирүү жандардын баарына эң керек нерсе. Кычкылтек болбосо бардыгы өлүп калышат. Кычкылтектен тышкары атмосферада азот жана башка газдар бар. Атмосферанын курамындагы озон жерди күндүн ультра көгүлтүр нурларынан, зыяндуу нурлардан сактап турат.
Кандай гана керемет! Таң калып бүтө албайсың! Бизди жараткан, жерди жараткан, жердегинин баарын жараткан Кудайыбыз кандай акылдуу. Бардыгын Ал сонун жараткан. Бизди абдан сүйгөндүктөн ушунун баарын биз үчүн кылган.
Аны даңктасак, Ага рахмат айтсак жарашат.