This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Ак жоолук
Жолдун жээгинде, аялдамада бир адам отурат. Тизилген таштарды тиктеп, ал үнсүз. Түктүйүп, алынбаган сакалы, шалпайып түшкөн ийиндери жана жыртылган бут кийими баарынын көңүлүн өзүнө буруп турду. Ал өзү болсо эч кимди көргөн жери жок, ойго баткан: өзү жана өткөн жашоосу жөнүндө ойлонуп жатат.
Бул самтыраган үйсүз, ачка адам азыр бала чагын эстеп, өзүн бала чагындагыдай сезип жатты. Ал кошуна көчөдөгү кызыл кирпичтен салынган үйдө жашачу. Андан бери жыйырма жыл өттү. Үй деле талкаланып бүткөндүр. Эшиктин алдындагы көк гүлдөрчү? Дагы деле өсүп жатты бекен? Баягы ал велосипед тепкен жолчу? Атасы аны атайлап ал үчүн түздөп берген эмес беле. Ата – энеси баласына велосипед алып беребиз деп, көпкө чейин акча чогултушканы эсинде.
Толкундангандыктан көздөрүнүн асты тартып, оозу кыймылдап кетти. Анын баарын эстегенде, жүрөгү бычак тилгендей тызылдап, бирөө чымчып алгандай ооруп кетти. Ал велосипедди сатып, мотоцикл сатып алган күн да бүгүнкүдөй эсинде. Аны алганы үйгө да көп түнөбөй калды. Жумуш бар, достор бар. Башка эмне керек?! Ата энесиби? Алар эмне? Карыган немелер. Алар менен иши деле болбой калды. Достору менен болгон кызыктуураак да.
Бир жолу ал үйүнө бир жумуш менен кайтып келди. Ал күндү такыр эстегиси келбейт. Көбөйүп кеткен карыздары аны ата – энесинин үйүнө алып келди. Алардан акча сурайын деген. Бирок эмнегедир акча жөнүндө сүйлөшкүсү келген жок. Бул маселени ал башка жол менен чечейин деди. Атасынын акчасы кай жерде экенин билет. Ата – энеси сыртка чыгып кеткенде, атасынын чогултуп жүргөн акчасын алып, кетип калды.
Ошол күнү ал ата – энесин акыркы жолу көргөн. Ал окуядан кийин үйгө кайткысы да келген жок. Ошону менен чет өлкөгө көчүп кетти.
Ата – энеси баласынан кабар ала алышпай, көп жыл өттү. Баласы канча жолдорду басканын, түрмөгө да отурганын алар билген жок. Бирок түрмөдө өткөргөн түндөрдө баласы жатып алып, ата – энеси жөнүндө көп ойлончу. Кай бир түндөрдө ал бир көз ирмебей таң атырчу. Ушул жерден чыкса эле, аларга барып жолугууну самап жүрдү. Алар тирүү болушту бекен? Мени көргүлөрү келет болду бекен?
Түрмөдөн чыгып, ал жумушка орношту. Үйүн эстебеген бир күн болгон жок. Ата – энесин, үйүн эстегенде, жүрөгү ооруп чыкчу болду. Жумушунун короосунда өскөн көк гүлдөр ага үйүн эстетип, үйгө бар, үйгө бар дегенсип жатышты.
Ал колундагы акчасын короткусу келбей, жолунун көбүн жөө жүрдү. Үйүнө жакындаган сайын, мени кабыл алышар бекен деп шектенип, басыгы жайлагандан жайлап бара жатты. Баягы кылган кыңыр ишинен кийин үйүнө кантип барат? Ушинтип эле кирип барганга анын кандай акысы бар? Баласына жүрөгүн арнап жакшы көргөн ата – энени тигинтип тоноп кетти эле? Алар эми баласын көргүсү келеби?
Ал өзүнө бир аз тамак алып, бир күн кечке талдын түбүндө отурду. Кечинде ал ата – энесине кат жиберди. “Силер мени кабыл алар бекенсиңер? Менде үмүтүм деле жок... Өзүңөр чечесиңер да. Бейшемби күнү таң эртеде күтөм. Мени үйгө кайтып келсин десеңер, менин бөлмөмдүн терезесине ак жоолук илип койгула. Аны көрүп, мен келем. Жок болсо – “кош болгула” дейм да, өз жолума түшөм”
Бейшемби күн да келди. Баягы адашкан уул белгиленген жерге жөнөдү. Мына, бул анын көчөсү. Титиреген боюн токтото албай, бара жатты. Эмнеси болсо да, барыш керек. Эгерде ал жоолукту көрбөсө, жок дегенде ата – энесинен кабар алып кетсе болот эле. Алар тирүү болушса, бирок көргүлөрү келбесечи.
Таңдагы муздак аба аны үшүтүп, толкундангандан денеси ого бетер титиреп жатты. Талдын жанына басып жетмейин үй жакты карабайын деп чечти. Талдын түбүнө басып келип, көзүн бекем жуумп турду. Анан терең дем алып туруп, көзүн ачты.
Бул эмнеси? Кызыл кирпич үйдү ак матага ороп койгондой. Ар бир терезеде ак шейшеп, кермелердин баарында ак шейшеп, ак майлыктар жайылган. Таңкы күндүн нурларында үй ак карга жамынгандай.
Ата – энеси көрбөй калбасын деп, үйүндө болгон актын баарын колдонушуптур.
Муну көргөн баласы асманды карап, үнүн катуу чыгарып ыйлап жиберди. Катуу ыйлап, үйүн көздөй чуркап бара жатты. Ачык эшиктер жана ачык терезелер да ата – энесинин канчалык каалоо менен күтүп жатканын билдирип турду.
АТАСЫ балдарына ырайым кылгандай, Теңир Өзүнөн корккондорго ырайым кылат. Күнөөкөр өз жолун, мыйзамсыз жаман ойлорун таштап, Теңирге кайрылсын. Ошондо Ал ага ырайым кылат, биздин Кудайга кайрылсын, анткени Ал өтө ырайымдуу”.
Кудай сени сүйөрүн сезесиңби? Ал сени дайыма күтөт. Аны менен элдешип, Аны менен мамилелешип жашашыңды каалайт.
Сен Ага кайрылсаң болот. Жатталган сөздөрдүн кереги жок. Болгону жүрөгүңдөгүнү айт.