This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Адамдын жашоосу бешиктен башталып, мүрзө менен бүтөт. Анын жашоосу төрөлүү жана өлүм деген эки табышмактын ортосунда өтөт.
Жыл сайын өлүм жер үстүнөн миллиондогон адамдардын өмүрүн алып кетет. Адамдын денеси жерге коюлгандан тартып жер астында өзүнүн баштапкы химиялык элементтерине ажырайт. Узак өмүр сүргөн учурда да адам өмүрү кандай чектелүү жана кыска! Муса мындай деп зар – муңун айтат: “Сен адамды алдан тайдырып: “Адам баласы, кайрадан топуракка кайт!” – дейсиң. Анткени Сенин көз алдыңда миң жыл кечээ эле өтүп кеткен күндөй, түнкү күзөт убагындай. Сен аларды сел алгандай алып кетесиң. Алардын өмүрү түш сыяктуу; алардын жашоосу эртең менен өсүп чыгып, гүлдөп, көгөрүп, кечинде чабылып, кургап калган чөп сыяктуу...Биз өз жылдарыбызды үн сыяктуу жоготтук. Биздин өмүр жашыбыз – жетимиш жыл, ал эми күч – кубаттуу болсок – сексен жыл. Анын эң сонун учуру – эмгек жана оору. Анткени өмүрүбүз зуулдап тез өтөт” (Заб. 89).
Биз жердеги жашообуздун чектелүү экенин унутуп калабыз. “Биздин өмүр жашыбыз – жетимиш жыл...”, бирок көп адамдар ошончо жыл да жашабайт. Анын уктаганга кеткен үчтөн бир бөлүгүн (23 жыл) алып салсак, 70 жылдан 47 жыл гана калат, андан дагы 10 жылды балалыкка, 10 жылды билим алууга кетирсек, болгону, 27 жыл калат. 27 жыл ичинде адам үй бүлө куруп, балдарын тарбиялап чоңойтуп, улгайгандан кийинки жашоосу үчүн кам көрүп, өзүн, курчап турган ааламды таанып билип, Кудай менен элдешип, артына кандайдыр бир из калтырып, өз жашоосунун максатын жана түбөлүктүү үлүшүн билип алышы керек.
“Адам баласы бир ирет өлүп, андан кийин сотко келиши керек” (Эвр. 9). Кудай Сөзү бизге өлүм жөнүндө көп эскертет. Катуу, айыкпас оорулар, кырсыктар, табигый кырсыктар, жашоодогу аргасыз абалдар аркылуу жана башка Өзүнүн көптөгөн жолдору аркылуу Кудай бизге өлүм жөнүндө эскертип турат. Өлүмдү жеңүүгө жасалган аракеттин баары күлкү келтирерлик нерсе.
Өлүмдү бир гана Инсан жеңе алган. Ал өлүмдү Өзүнүн өмүрүн берүү аркылуу айкаш жыгачта жеңген. Ал Ыйса Машайак. “Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн Жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди”.