This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Келгиле, Ыйык Китептеги сөздөрдүн үстүнөн ой жүгүртөлү. Ыйык Китеп биздин кайгыларыбыз, азаптарыбыз бекер эмес деп үйрөтөт. «Биздин азаптарыбыз убактылуу жана алар бизге улуу, толук жана түбөлүктүү даңк алып келет», - дейт элчи Пабыл. А бирок биздин көйгөйлөрүбүз дайыма эле оңой көрүнбөйт… Азыр биз «түбөлүктүү даңк» эмне экенин түшүнүүгө аракет кылсак, анда кыйынчылыктарыбызга башкача карайбыз. Түбөлүк даңк – бул Кудайдын алдында чексиз болуу. Ал эми биздин жер бетиндеги азап – тозокторубуз бизди бул даңкка жакындатат. «Ошондуктан биз көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз. Сырткы адам карып бара жатса да, ички адам күндөн күнгө жаңыланууда, - деп кубаттайт элчи. Кудайдын Сөзүн изилдөөчү Тим Келлер мындай деп жазат: «Кайгынын мааниси бар жана эгер туура түшүнсөк, ал бизди Кудайдын сүйүүсүнө тереңдете алат жана биз элестете албай турган ушундай рухий күчкө жетелейт». Ыйык Рух бизди кыйынчылыктарга туруштук берүүгө үндөйт, анткени биздин алдыбызда Кудай менен түбөлүктүүлүк бар.