This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Акындар жазат сапты “махаббат - улуулук”- деп,
Мен айтам махаббатты “тек гана сулуулук” - деп.
Акындар айтат көбү “сүйүү - бул жансыз сыр” - деп,
Мен айтам түшүнгөнгө “Кудайдан келген нур” - деп.
Ойлобо, угарманым, айтты деп жалган сөздү,
Көзүмдө айоо турган элестеп жалжал көздү.
Кыз болгон бир мезгилде теңсинбей оңду – солду,
Адилет көзгө илинбей, жүрчү эле түзөп бойду.
Ах, кандай сулуу эле, өрт коюп дилден дилге,
Эрксиздин кулу эле үч жигит ал мезгилде.
Бирөөсү каттар жазып, бирөөсү ыр арначу,
А бирөө өңдөн азып, көз жашы тыйылбачу.
Үчөөнү өрттөп турчу көздөрү бакыракай,
Сымбатын көктөп турчу келбети татынакай.
Кырсыктап кокусунан сулуулук болду кайып,
Сылтыды оң бутунан көздөрү чалырайып.
Каттарын тытты бирөө, бирөөсү ырын башкага арнап,
А бирөө “чыйт” түкүрө калды өзүн аста кармап.
Кошулуп курдашына, бийлебейт ийип белди,
Негедир курдашы да кеп кылбайт жигиттерди.
Эми ал бойду түзөп көчөдө баспай калды,
Теңсинбеген жигиттердин бирин да таппай калды.
Ыргытпай жалын сөздөн жигиттер аяп өтөт,
Жаш агат чалыр көздөн, а кайда баягы өрт.
Ыйлады жашын төгүп, жалгыздык жанга жетти,
Анткени унутулгус бактылуу учур өтүп кетти.
Эх, чиркин, кандай кайгылуу окуя. Бирок адамдарга белгилүү сүйүүнүн көп түрү бар эмеспи. Ата эненин баласына болгон сүйүүсү. Ата энеге болгон сүйүү. Ата мекенди сүйүү. Кыз менен жигиттин ортосундагы сүйүү. Достордун сүйүүсү. Айтор айтып отурса, сүйүүнүн түрү көп. Ушул сүйүүлөрдүн эң тазасы, түбөлүктүүсү барбы деген суроо туулат. Бул суроого жооп берүү үчүн кандайдыр бир илимий изилдөөнүн же болбосо көп убакытты талап кылган изилдөөлөрдүн кажети жок. Болгону айланабызга көз чаптырып, өзүбүздүн эле күндөлүк турмушубузду карап көрсөк жетиштүү. Айталы, ата эненин балага болгон сүйүүсү.
Бир жолу Ош базарына барып калдым. Азык түлүк саткан жагында кетип бара жаткам. Элдин көптүгүнөн жол көрүнбөйт. Адатта кайыр сурап отургандарга олуттуу көңүл бөлүп деле карачу эмес элем. Бул сапар көңүлүм бир кичине балага бөлүндү. Жашы алты – жетилерде болсо керек. Кийими айрык, жылаңайлак, кир. Кайырчылар алдына акча таштагыдай бир идиш коюп отургандарын көрчүмүн. Анан эмнеге кайыр сурап отурганын билдирген тактайчада жазуулары боло турган. Бул баланын болсо эч нерсеси жок эле. Атүгүл тегерегин карап кызыгып да койгон жери жок. Бул жашоого адашып түшүп калгандай. Жер тиктеген калыбынан жазбай, көзүнүн жашын сүртүп да койбостон отура берди. Анын минтип отурушу кайыр сураганга деле окшобойт. Менин бул кичинекей таанышым ата энесинен качып чыгып, үйгө кайра баргысы келбей жүргөндөгүсү экен. “Курсагымдын ачканы эле болбосо, ата – энемдин урушунан көрө көчө кыдырып жүргөнүм жакшы экен” - дейт. “Ата - энең сени издеп жатышат да, үйүңө барышың керек” - десем, “Издемек турсун, эстешти бекен”, - деди. Баланын айтымына караганда, ата – энеси баласын көзгө илбей урушуп, баланын чыркырап ыйлап, атакелеп, бутуна жармашып, жалынганына карабай, апасын сабап... Айтоор оор жашоо экен.
“ Кетип калайын деген оюм жок болчу. Ойноп жүрүп, үйгө келсем, атам менен апам дагы урушуп жатышыптыр. Урушун уккум келбей, кайра артка бурулуп баратып, мен жөнүндө сүйлөшүп жатышканын угуп калдым. Көрсө алар ажырашмакчы болуп, баланы сен ал, жок, сен ал болуп урушуп жатышыптыр” - муну айтып жатып, бала шолоктоп ыйлап жиберди.
Мындай тагдырлар учурда аз эмес. Өкүнүчтүүсү, ортодо балдар кыйналып, ата - эненин сүйүүсү ыйык, таза деген чечимге кошулбай, жүрөктөрүндөгү оор жараттарын көрсөтүшөт.
“Бул дүйнөдө махабаттан таза, ыйык эмне бар?” - деп айта тургандар да табылат. Ооба, балким айрым адамдардын өз түгөйлөрүнө болгон сүйүүсү чынында эле туруктуудур. Бирок эки адамдын сүйүүсү бүт дүйнөнү сүйүү менен чулгай албайт да. Бүт дүйнөнү кучагына алып, бүткүл адамзатка мээрим төгө ала турган сүйүү гана ыйык, таза, түбөлүктүү, эч нерсеге алмашкыс болгону анык. Мүмкүн сиз мындай сүйүү болушу мүмкүн эмес, андай сүйүү жомоктордо гана айтылат дээрсиз. Мен бул суроого жоопту көп жыл издегем. Мүмкүн мен бул суроого жооп таба албасам, издөө жылдарым улана бермектир. Бул сүйүүнү таптым. Сиз да мага окшоп, чыныгы сүйүү издеп жүрсөңүз Ал сүйүү бар деп сизди кубандыргым келет. Ал Жараткандын сүйүүсү. Бир гана Кудай түбөлүктүү сүйүү менен сүйө алат. Биз адамдар бири – бирибизди жакшы сапаттарыбызга, сулуулугубузга, кийимибизге, байлыгыбызга карап сүйөбүз. Ал эми Кудай бул нерселерге карабайт. Сулууну да, мунжуну да бирдей сүйөт. Байды да, кедейди да сүйөт. Бизге жамандык кылган адамды, өмүр бою кечирбей, жек көрүп калабыз. Ал эми Жараткан Теңир “Кудай жок, ишенбей эле койдум Аныңа!” дегендерди да, Ал орустуку, биздики башка, - деп Кудайды өз ара бөлүштүрүп алгандарды да, Кудайга тил тийгизгендерди да сүйөт. Кээ бир адамдар: Кудай болсо, эмне үчүн алдым – жуттумдар, ичи тар көрө албастар, зөөкүрлөр бар. Кудай бар болсо, аларды жок кылып салбайбы, - дешет. Муну айтып жаткандар, “күнөөлөрүм аз эле, же күнөөлөрүм жок” – деп ойлогондор. Чынында бир дагы ыйык адам жок. Баарыбыз күнөөкөрбүз. Кудайдын сүйүүсү чексиз. Ал адамдарды сүйгөндүктөн, алардын жийиркеничтүү күнөөлөрүнө да чыдайт. Биз Кудайдын адамзатка кылган ырайымы тууралуу айтып келебиз. Ойлонуп көрүңүз, ырайымдуу болууга бир гана сүйүү чакырат. Эгер сүйсөңүз, кечире аласыз, ырайым кыла аласыз, оңолот деп үмүттөнөсүз. Кудай да бизди сүйгөндүктөн, ырайым кылып, Өзү Адам болуп, жерге келген. Ушинтип айтканыбызда кантип жерге келген? Ал учурда асман ээн калдыбы? - деп суроо беришет. Жок, Кудай биздин акылыбыз менен иш кылбайт да. Биз ойлой албаганды кылып, биздин акылыбыз жетпегенди кыла алат. Ал кааласа адам болот, ошол эле убакта бардык жерде боло алат. Эгерде адамдык акыл менен чектелсе, анда Анын кудайлыгы кайсы? Ал бардыгынын үстүнөн бийлик кылган Теңир. Кыргыздарда бир ырым бар эмеспи: кандайдыр бир жамандык болсо, таза, кемчиликсиз козу союп, кан чыгарыш керек. Бул ырым Ыбрайым пайгамбардан калганы баарыбызга маалым. Ошентип эч бир малдын, эч бир жандыктын каны адамдын күнөөсүн жууп кетирүүгө алы келбей калган. Ошондо Жараткан Эгем Куткаруучу Машайакты жиберген. Кудайдын бизге болгон сүйүүсү түбөлүктүү. Ал бизди бейиште күтөт. Анын сүйүүсүн түшүнгөнгө Кудай Өзү жардам берсин.