This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Ажал бир адам менен келишим түзгөнү келген экен. Ал келишимде адамдын жанын алганы келерден мурун адамга алдын – ала билдирип коерун айтат. Күндөрдүн биринде, адам күтпөй турган убакта ажал анын жанын алуу үчүн үйүнө келет. Адам ага таң калуу менен: “Эмне үчүн эскертип койгон жоксуң?” – дейт. Ажал болсо: “Кандайча эскертип койгон жокмун? Өлгөн адамдарды мүрзөгө коюу үчүн алып кетип бара жаткандарды көргөн жок белең? Дагы бир жандын бул дүйнө менен коштошкондугун кабарлаган ыйдын үнүн уккан жок белең? Жыл мезгилдеринин бат эле алмашып, бат эле жыл аягына чыгып жатканын туйган жок белең? Ар бир жыл өзү менен кошо көп деген адам жанын алып кетип жаткандыгын байкаган жок белең? Бул көрүнүштөрдүн баары менин сага жакындап келе жаткандыгымды кабарлаган эскертүүлөр эмей эмне? – деген экен. “Туура, - дейт адам, башын шылкыйта үшкүрүнүп. - Мунун баарын көргөм, бирок алардын бирөөнө да көңүл бурган эмес экемин”.
Бул жашоодо дайыма ушундай. Сен даярсыңбы же даяр эмессиңби, ага карабай ажал баары бир келет. Балким сен да ушул адамдай болуп, өтүп кетип жаткан айларга, жылдарга, тегерегиңде болуп жаткан окуяларга көңүл салбай жашап жаткандырсың. Убакыт учкан куштай зымырап өтүп жатат, сен болсо түбөлүккө өтүүгө даяр эмессиң. Дөөт пайгамбар Кудайга минтип кайрылган экен: “Адамдын өмүрү түш сыяктуу; алардын жашоосу эртең менен өсүп чыгып, гүлдөп, көгөрүп, кечинде жабылып, кургап калган чөп сыяктуу. Анткени биз Сенин каарыңдан жок болобуз, Сенин жаалыңдан дүрбөлөңгө түшөбүз. Сен биздин мыйзамсыз иштерибизди Өзүңдүн алдыңа, жашыруун күнөөлөрбүздү Өз жүзүңдүн жарыгынын алдына койдуң. Биздин өмүр жашыбыз жетимиш жыл, ал эми күч – кубаттуу болсок – сексен жыл. Анын эң сонун учуру – эмгек жана оору. Анткени өмүрүбүз зуулдап тез өтөт. Сенин каарыңдын күчүн ким билет? Сен каарданганда, аларга эмне кыларыңды ким билет? Акылдуу болушубуз үчүн, өлө тургандыгыбыз жөнүндө ойлоно жүргөндү үйрөт. Анткени ар бир адам чөп сыяктуу, анын даңкы да талаа гүлүндөй. Чөп куурайт, гүл соолуйт”.
Убакыттын зымырап учкандыгына кейип калабыз. Чын – чынына келгенде, эч кимибиздин карыгыбыз келбейт. Ошентсе да, биз дагы бир жылга карыдык, жылдан – жылга өмүрүбүздүн аягына жакындап бара жатабыз. Кечээги эле жаш балдар, бүгүн жигиттер болушканын көрүп, жылдар биз ойлогондон да бат учаарын байкайбыз. Мына ушундан улам, биз мындай жыйынтыкка келсек болот: “ Убакыт кайра кайрылбайт, ошондуктан текке кеткен убакыт – түбөлүккө жоголгон убакыт!” Адамдар: “Убактымды бекер короттум”, “Кылганым текке кетти”, - деп айтып көнүп калышкан.
Бизге берилген убакыт өтө кымбат. Муну түшүнгөн адам өзүнө берилген убакытты баалай баштайт. Адам учурда бул дүйнөдө өзү каалагандыгы үчүн жашап жаткан жери жок. Бул нерсенин баары Кудайдын планы менен болуп жатат. Адам бул жашоодо ага берилген убактысын куру бекер коротуу үчүн жаратылган эмес. Ошондуктан биз Ыйык Жазууга кайра – кайра кайрылабыз. “Акылдуу болушубуз үчүн, өлө тургандыгыбыз жөнүндө ойлоно жүргөндү үйрөт”.
Бул сөздөр биздин жашообуздун кыскалыгын айтып, сенин да жашооң аягына жакындап келе жаткандыгы тууралуу эскертип жатат. Ошол келчү күнгө эң жакшы даярдык – бардык жүрөгүң менен Кудайдын куткаруу жолун – Ыйса Машайакты кабыл алуу!
“Анткени ар бир адам чөп сыяктуу, анын даңкы да талаа гүлүндөй. Чөп куурайт, гүл соолуйт”.