This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин.
Мен үчүн күнөө деген эмне? Негизи эле күнөө деген эмне?
Кудай ким экендигин биз билбей жаткан жокпузбу? Биз Аны жанагы Аяз атадай же сакалдуу абышкадай эле кабыл алып жаткан жокпузбу? Ал мырзалардын Мырзасы экенин, кудайлардын Кудайы жана падышалардын Падышасы экенин унутуп койгондойбуз. Силер билесиңерби, тозоктун аягы жок, ал эч качан бүтпөйт. Анткени биз кылып жаткан ар бир күнөө түбөлүктүү, мээримдүү, даңкка татыктуу Кудайга каршы жасалган. Эмнеге күнөө ушунчалык жийиркеничтүү? Анткени күнөө – бул Кудайга каршы жасалган нерсе. Эмнеге биз күнөө кылып жатып, титиреп коркпойбуз? Анткени биз эмне кылып жатканыбызды аягына чейин түшүнбөйбүз. А эмнеге биз түшүнбөйбүз? Анткени биз Кудайдын ким экендигин аягына чейин билбейбиз. Кудай каарданат. Ооба Ал каарданат. Силер:”мага бул нерсе жакпайт”, - деп айтышыңар мүмкүн. Бекер кыласыңар. Мисалга алсак, мен азыр газетаны алып, барактап, окуп, анан силерге жылмайып карап:”Карасаңар, бир маньяк үч кишини өлтүрүп салыптыр!” – десем, анан дагы кошумчалап, каткырып күлүп койсом. Силер эмне дейсиңер? Албетте, башы ордунда эмес го дейсиңер. Анан мага:”Ай, сен муну окуп туруп, ошол кишиге каарданып, уруша турган жердесиң!” – деп айтмаксыңар. Ээ? Ошондойбу? Кудайчы? Кудай каардана албайбы? Силердин китептериңерде Кудай каардангага акысы жок деп жазылганбы? Мен силерге айткым келет: Кудай каарданат!!! Акыркы сот күнү Ал Өзүнүн мээримдүүлүгүн токтотуп каарданганда, алдына келген ар бир адам, жердеги жашоодо улуу аталгандардын ар бири титиреп, тоолорго:”Бизди басып калгылачы! Кудайдын каарынан жашыргылачы” – деп жалынышат. Анын каарынан тоолор да эрип кетет.
Бир жаш адам мага:”Мен Кудайдын алдына барганда коркпой, зыңкыйып туруп берем”, - деди эле, мен ага:”Жигит, сен Кудайдын алдына барганда, отко түшкөн пластилиндей болуп эрип кетесиң!” – дедим. Чынында эле ошондой да.
Азыр бир ойлонсок.
Ыйсаны теңтуш кылып, колубузду чапкылап, Ага ар кандай буйруктарды берген күндөрүбүз көп. Кандай деп ойлойсуз, сиздин жалгыз уулуңарды бирөөлөр ушунчалык зөөкүрлүк менен жазыксыз жеринен өлтүрүп кетсе, эмне кылат элеңиз?
Ыйса айкашкан жыгачта өлдү, азап тартып өлдү. Азыр биз Анын Атасынын алдында титиреп, башыбызды салып турушубуз керек эмеспи? Ал өлдү! Атасы Өзүнүн жалгыз Уулун биздин күнөөлөр үчүн өлүмгө берди. Ыйса биз үчүн өлгөн деген сөздү айтып жатканда, бир мүнөткө токтоп калышыбыз керек эмеспи? Кээде биз сөздөрдү, улуу жана маанилүү сөздөрдү да айтып жатканда, эч ойлонбостон эле жаадырып салабыз.
Ал айкаш жыгачта өлгөн! Биздин капкара болгон күнөөлөрүбүздүн кечирилиши айкашкан жыгачта Анын кылган эрдиги аркылуу. Ал биз үчүн канын төккөн!
Бардыгы Ыйса аркылуу!
Биздин күнөөлөрдүн кечирилиши – Ыйса аркылуу!
Атанын алдында акталышыбыз – Ыйса аркылуу!
Бейишке жол – Ыйса аркылуу!
Үмүтүбүз бар – Ыйса аркылуу! Бардыгы Ыйса аркылуу!