This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Адамды эмне кооздойт?
Орустардын “Адамды жөнөкөйлүк кооздойт” деген эски макалын билесиңби? Эмне үчүн кооздойт? Азыркы учурда жөнөкөйлүк таптакыр популярдуу эмес. Мен интернетке кирип, адамдардын жөнөкөйлүк жөнүндө эмне жазышканын окуп көргүм келди. Чынымды айтсам, окуп алып, үрөйүм учту. Өтө көп адамдар жөнөкөйлүктү мүнөздөгү жакшы сапат деп эсептебейт экен, көптөр шылдыңдап күлүшөт экен. Анда айтылган бир гана ой мага чындап жакты. Цицерон аттуу байыркы акылмандын сөздөрүнөн мен:”Ким канчалык акылдуу болсо, ал ошончолук жөнөкөй” дегенди таптым.
Ыйса Машайактын элчиси Жакып өзүнүн катында мындай деп жазат:”Ал эми асмандан келген акылмандык баарынан мурун таза, андан кийин тынчтыкты сүйүүчү, момун, тил алчаак, боорукер, жакшы жемиштүү, калыс, эки жүздүү эмес” (Жкп. 3, 17). Ал эми Ыйса Машайактын элчиси Пабыл римдиктерге жазган катында:”өзүңөр жөнүндө керектүүдөн артык ойлобогула, тескерисинче, ... туура ой жүгүрткүлө” (Рим. 12, 3) – деп жазат.
Жөнөкөй болуунун эмне үчүн маанилүү экенин Ыйса өтө жөнөкөй жана таамай түшүндүргөн. Мисалы, Ал шакирттерине майрамдык дасторконго чакырылышса, төргө отуруп албай, ылдыйраак отуруу керектигин айткан. Болбосо, кандайдыр бир сыйлуу конок келип калса, төрдөгү орундар бош эмес болуп калса, кожоюн сенден орун бошотууңду сурап калышы мүмкүн...Ошондо абдан уяласың!
Улуу, атактуу адамдар жөнөкөй болушкан. Сен Библиядан чөмүлдүрүүчү Жакан жөнүндө аңгемени окудуң беле? Окубаган болсоң, сөзсүз окуп чык. Ошентип, чөмүлдүрүүчү Жакан өзү тууралуу байыркы убакта Кудай пайгамбарлар аркылуу айтканын билген: Байыркы Келишимдин ыйык китептеринде ал тууралуу жазылган. Ал Кудайдын буйругу боюнча жана Жебирейил периштенин алдын ала кабарлаганындай төрөлгөнүн билген. Жакан өзүнүн Байыркы Келишимдин акыркы пайгамбары болууга, Ыйса Машайактын кызматы үчүн жол даярдоого чакырылганын билген. Ушунун баарын билсе да, мактанып кеткен эмес. Сен ушуну байкадыңбы? Жөнөкөй болгон жакшы.