This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Чет өлкөлөрдүн биринде балдар үчүн “Жомоктор дүйнөсүндө” деген чоң эс алуу паркы салынган. Бир адам үй-бүлөсүн алып, ошол паркка барат. Жубайы, балдары менен бир аз тыныгып алуу үчүн орун издеп, пери кыздын өргөөсү деп аталган кооз имаратка киришет. Ал жерде балдарын ээрчиткен ата-энелердин көптүгүнөн, отурарга орун жок, орундуктарда балдар кысылышып отурушкан экен. Күтүүсүздөн балдардын бардыгы бир жакка бурулуп, жүткүнүп карап калышты. Эгерде пери кыздын ак сарайы суу үстүндөгү кеме болгондо, балдардын бул кыймылынан көңтөрүлүп кетмек окшойт. Балдардын көз алдында кадимки жомоктордо айтылган пери кыз турду. Анык ханзааданын өзү! Ажайып сулуу жап-жаш кыз, ийин ылдый төгүлгөн тармал чачтарынын ар бир талы, ар бир толкуну өз ордунда, эч кемтиксиз мөлтүрөгөн жүз, нур төгүлгөн жылмаюу! Ал боюн көтөрүңкү кармап, жабыла тиктеген балдардын курчоосунда турду. Балдардын ар бири ага кол тийгизип көрүүнү жана анын колу тийгенин сезүүнү каалап турушту.
Баары пери кызды тегеректешип, алар турган кең бөлмөнүн берки башы бошоп калган. Бир гана, агасынын колун кармап, ага жарым-жартылай жашырынып жети-сегиз жаштар чамасындагы бир бала турду. Дене түзүлүшүнүн туура өрчүбөгөнүнөн улам, баланын жашын болжолдоо да кыйын эле. Кандайдыр бир кырсыктын кесепетиби, бетиндеги тактар анын өңүнүн бардыгын бузуп коюптур. Ал бардыгына акырын, кусалуу байкоо салып турду. Ал ошол учурда эмнени каалап турганын билесиңерби? Ал берки балдар менен чогуу болгусу келди. Ал дагы пери кызга топтошкон балдардын арасынан колун сунууну жана ага бир нерсе деп айтууну ушунчалык каалады! Бирок аныкындай коркунуч сезимин силер сезе аласыңарбы? Дагы бир ирет четке кагылуудан корккон, башкалардын андан иренжип качканын көрүүдөн корккон, башкаларга күлкү болуп, шылдың болуудан корккон сезимин сезе аласыңарбы?
Пери кыздын башкага эмес, так ошол балага барып, колун тийгизишин каалаган жоксуңарбы? Билесиңерби, так ошондой болду! Пери кыз ага жакын келди! Ал кичинекей баланы байкай койду да, дароо аны көздөй жөнөдү. Жумшак бирок, чечкиндүү кадам менен жардап турган балдардын тобун жара өтүп, бөлмөнүн бала турган четине бат эле жетти да, таң калганынан ден дароо болуп турган кичинекей баланын алдына тизелеп эңкейип, бетинен өптү.
Бул окуя дүйнөдөгү Улуу Инсанды эсиме салды. Аттары эле бөлөк болбосо, окуя дээрлик ушул сыяктуу. Пери кыздын ордунда ааламдын Падышасы – Ыйса, баланын ордунда сен жана мен. Экөөндө тең белек кылынды. Эки окуяда тең сүйүү, мээрим көрсөтүлдү. Эки окуяда тең эң кооз тил менен да айтып бере алгыс сонун иш кылынды. Бирок, Ыйсанын иши пери кыздыкына караганда алда канча чоң! Көп эсе чоң! Пери кыз болгону эле өбүү менен баланын жүрөгүндө из калтырды. Ал кетүү үчүн өйдө турганда, сулуулугун өзү менен кошо эле алып кетти. Бала мурдагысындай эле өңү суук бойдон кала берди.
А эгерде, пери кыз Ыйса кылганды кылса кандай болот эле? Ал баланын кейпин кийсе кандай болмок эле? Кандайдыр бир жол менен өзүнүн сулуулугун балага берип, анын суук өңүн өзүнө алса кандай болмок?
Ыйса, мына так ушундай кылган! Ыйык Жазууда жазылгандай: “Бирок Ал биздин кеселдерибизди Өзүнө алды, ооруларыбызды алып кетти ... биздин күнөөлөрүбүз үчүн жарадар болду, биздин мыйзамсыздыктарыбыз үчүн кыйналды. Бизге тынчтык болуш үчүн, Ал жазага тартылды, Анын жарааты менен биз айыктык”. (Ышайа 53:4-5).
Ыйса бизге жөн гана кубаныч берип койгон жок, Ал бизге Өзүнүн ыйыктыгын алып келди. Ал бизге жөн гана келип кеткен жок, биздин күнөөбүздүн кунун төлөдү. Бизге көз ирмемдик эле убакыт бөлүп койгон жок, Ал бизге кечирим берди.