This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
“Кыла албайм! Жок! Чындыгында каалоом жок! 6:00! Китеп окуу, эртең мененки көнүгүү. Жок! Болгону 5 мүнөт. Ии мейли бүгүн турбай эле коеюн, эртең сөзсүз баштайм, убада берем, азыр болсо уктап алайын. 6.50! Дагы бир аз! 10 эле мүнөт! Ту-уу-ур! Жок дегенде Ыйык Китептен бир бөлүм окуп алчы. 7.24 Уктап калыптырмын! Кечиктим! Жумушка жетишиш керек! Бүгүн кайсы күн эле? Дүйшөмбү. Жаңыча сергек жашоо? Кийинки дүйшөмбүдөн баштайм.”
Жалкоолук! Жалкоолук сени майып кылат!
Бул абал көпчүлүгүбүзгө эле тааныш болушу керек “Күнүгө эрте турам, китеп окуйм, көнүгүү жасайм, туура тамактанам, социалдык баракчага аз кирем, тил үйрөнөм ж.б. бирок бүгүн эмес, кийинки дүйшөмбүдөн баштап же кийинки айдан же жаңы жылдан баштап.” Тилекке каршы дал ошол күн келгенде эч нерсе ишке ашпайт. Баягы эле жашоо. Эч кандай жаңылануу жок. Эмне себептен жалкоолук ушунчалык адамды басып калат болду экен?
Өтө кызыктуу тема. Алгач эле жалкоолукка аныктама берип көрбөйлүбү. Жалкоолук – бул кайсы бир ишти кылууга каалоонун жоктугу. Чарчап калган убакыт бар. Бирок жалкоолук – чарчабай турсаң деле кылгың келбейт. Жалкоолук латын тилиндеги “lenus” деген сөздөн алынган. Ленус – эмгекке болгон каалоонун жоктугу, бош убакытты жакшы көрүү деп которулат экен. Жалкоолук – адат. Ал эми бул адаттан арылуу көпчүлүк үчүн өтө кыйынга турат. Жалкоолук адам менен бирге жаралган эмес. Эч нерсе кылбай жашоону “бейиштегидей жашоо” деп айтуу таптакыр туура эмес. Себеби Кудай Адам ата менен Обо энени жаратканда да аларга тапшырма берген. Жаныбарларга ат коюу, айлана-чөйрө үчүн кам көрүү, балдарды тарбиялоо деген сыяктуу. Ал эми күнөөгө алдырып, адамзат кулагандан кийин да Кудай адамзатка жалкоолукту сунуш кылган эмес. Ыйса да эмгек менен коштолгон жемиштүү жашоосу аркылуу бизге үлгү калтырып кеткен.
Жалкоолук жөнүндө Сулаймандын Накыл Сөздөрүндө абдан көп жазылган. Сулайман өзү да бийлик кылып жаткан учурда эл жакшы жашоо-турмушта жашашкан. Себеби ал элди эмгекке үндөп, оор жумушту жүктөгөндүгү жөнүндө жазылат. Ал эми анын уулу бийликке келген учурда калктын эмгектенүүсүнө шарт түзүп, үндөй алган эмес. Ушундай улам падышачлык бөлүнүп кеткен эле. Сулаймандын Накыл Сөздөрүндө "Жалкоо, кумурскаларды кара, алардын иш-аракетин көр, анан акылыңа кел. Алардын башчысы да, көзөмөлчүсү да, өкүмдары да жок. Бирок алар өздөрүнүн нанын жайында камдап алышат, өздөрүнүн азыгын оруу-жыюу маалында жыйнап алышат. Жалкоо, качанга чейин уктай бересиң, качан ойгоносуң? Бир аз уктай турсаң, колуңду бооруңа алып, үргүлөп, бир аз жата турсаң, жакырлыгың жолоочудай, муктаждыгың каракчыдай кирип келет." (Накыл 6:6-11) деп жазылган.
Жалкоолор жөнүндө дагы төмөнкүчө нерселер айтылат. "Жалкоо эңсейт, бирок эңсегени бекер, ал эми аракетчил адамдар тоюшат." (Накыл 13:4). Чындыгында ушунчалык эңсеп, каалап, кыялданып жүрсө да жалкоо адам үчүн ал нерсе бекер экен. Себеби эмгексиз ийгиликке жетүү кыйын. Керек болсо жалкоонун жашоо образы жана жолу жөнүндө Ыйык Жазуу мындайча сүрөттөйт "Жалкоо адам өзүнүн илбээсинин бышырып жегенден эринет, ал эми аракетчил адамдын мүлкү баалуу." (Накыл 12:27). "Жалкоонун жолу – тикенектүү чырмоок, ал эми адил адамдардын жолу тегиз." (Накыл 15:19). Жалкоо адам күнү үчүн эч кандай план койбойт жана ийгилик бир күнү жылмаят деп ишенет. Андыктан бүгүн өзүбүздү текшерип көрөлү жана жалкоолуктан арылууга Кудайдан жардам сурайлы!