This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Адамзат тарыхында элдердин калыптанышына жана алардын маданий жашоосуна зор таасирин тийгизген көптөгөн көрүнүктүү инсандар болгон. Дүйнө тарыхындагы эң көрүнүктүү инсан, шексиз, Ыйса. Дүйнө калкынын үчтөн биринен көбү бул доктринаны карманат. Анын ысымы дүйнөдөгү эң атактуу китеп болгон Жаңы Келишимде 975 жолу айтылган. Анын төрөлүшү тууралуу Мариямга Жебирейил периште жар салып келген. Ал болочоктогу күйөөсү Жусупка түшүндө көрүнүп, Мариамдын боюндагы Бала Кудайдын кудурети менен боюна бүткөнү жөнүндө айткан. Жебирейил периште Балага “Ыйса” деген ат коюшун буюрган. Анткени Ал «Өз элин күнөөлөрүнөн куткармак». Демек Ага «Ыйса» деген ысымды Кудай Өзү ыйгарган. Бул ысым Кудай тарабынан даярдалган куткаруу планын өзүнө камтыйт. Сөзмө – сөз Ыйса деген ысымдын мааниси «Кудай жардам берет жана куткарат».
Назареттик Ыйса аркылуу адамзаттын тарыхы жаңы багыт алды. Анын сөзү кереметтерди жаратып, өлгөндөрдү тирилте турган күчкө ээ. Жаратуу – бул даяр материалдардан бир нерсе жасоо эмес. Жаратуу – бул ошол заттын өзүн пайда кылуу дегенди билдирет. Жараткан Кудай Ыйса Машайак аркылуу сүйлөп, кереметтерди кылган.
Ыйсанын бул дүйнөгө келгенинин максаты эмне болгон жана Анан өзгөчө таасиринин сыры эмнеде?
Ал бизди текебердиктен бошотот.
Ыйса мындай дейт: “Менин моюнтуругумду алып, Менден үйрөнгүлө, анткени Мен жоошмун жана момунмун. Ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар”. (Матай 11, 29).
Жашоосунун банкроттугун түшүнгөндөрдүн бардыгы үчүн Ыйсага кайрылууга мүмкүнчүлүк бар. Ага келгендердин бардыгы жалган максаттардан жана идеялардан кутулушат. Алардын жашоосу чыныгы мааниге ээ болуп, жан дүйнөсү бейпилдик менен эс алат.
Анын артынан ээрчигендер өзүмчүлдүктөн арылышат.
Ыйса мындай дейт: “Анткени Адам Уулу дагы Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, Өзү кызмат кылуу үчүн, Өз жанын берип, көптөрдү куткаруу үчүн келген”(Матай 20, 28).
Алар башкаларга чын жүрөктөн кызмат кылганга жогорудан күч алышат.
Ал бизди Кудайдын каарынан куткарат.
Кудайдын каары күнөө кылгандардын баарына келет. Бирок Ыйса Ага ишенгендерди каардан жана соттон куткарат. Ышайа пайгамбар айткандай, Ыйса Кудайдын каарын Өзүнө алды. «Ал биздин кеселдерибизди Өзүнө алды, ооруларыбызды алып кетти, биз болсо Аны Кудай урду, жазалады жана кемсинтти деп ойлодук. Бирок Ал биздин күнөөлөрүбүз үчүн жарадар болду, биздин мыйзамсыздыктарыбыз үчүн кыйналды. Бизге тынчтык болуш үчүн Ал жазага тартылды, биз Анын жарааты менен айыктык.... Теңир баарыбыздын күнөөлөрүбүздү Анын мойнуна жүктөдү”. (Ышайа 53, 4 – 6)
Айкаш жыгачта илинип турганда Ал Өзүнүн душмандары үчүн: «Ата, аларды кечир, анткени алар эмне кылып жатышканын билишпейт», - деп сыйынган. Анын өлүмү Кудай тарабынан кечирүү курмандыгы катары кабыл алынды.
Ал бизди күнөөдөн бошотот.
Ыйса мындай деген: «Ким күнөө кылса, ал күнөөнүн кулу, …демек, Уулу силерди боштондукка чыгарса, анда силер чындап эркин болосуңар». Ыйса өз өмүрүн Ага ишенип тапшыргандарды күнөөлүү кулчулуктан куткарат. Ал бүт дүйнөнүн күнөөлөрүн Өз мойнуна алды жана биз үчүн азап тартты. Анын кечирим курмандыгы биздин бардык мыйзамсыздыгыбызды жок кылат. Тобо кылгандан кийин Кудайдын Руху биздин жүрөгүбүздө жашайт жана бизге күнөөнү жеңүү үчүн күч берет. Ыйсага ишенип, Анын куткаруусун кабыл алгандардын баары Кудайдын алдында акталат.
Ыйса шайтанды жеңген.
Шайтан сунуштагандын баарынан баш тарткан. Кудайдын эркин гана орундатып, күнөөсүз жашаган. Бардык ыплас рухтар да Ыйсанын сөзүнө баш ийип, өздөрүнүн ээ болгондорун таштап кетишти. Жиндердин үстүнөн болгон бийликти Ыйса Өзүнүн шакирттерине да берген. Ким Анын курмандыгын кабыл алып, Кудайга моюн сунса, шайтандын таасиринен толук кутулат.
Ыйса өлүмдү жеңүүчү.
Ыйса мындай дейт: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн. (Жакан 11, 25 -26).
Өлгөндөрдүн арасынан жеңиш менен тирилип, Ыйса шакирттерине жаңы денеде көрүндү, алар менен сүйлөшүп, жеди, ичти. Алар Аны көрүп, колдорун тийгизип да көрүштү. Ал ошондой эле Өзүнүн бардык жолдоочуларын өлгөндөрдүн арасынан тирилтет жана аларга рухий денеде түбөлүк өмүр берет.
Ыйса жамандыктан жана өчтөн куткарат.
Ыйса Өзүнүн жолдоочуларына мындай дейт: «Ал эми Мен силерге мындай демекчимин: душманыңарды сүйгүлө, силерди каргагандарга батаңарды бергиле. Силерди жек көргөндөргө жакшылык кылгыла. Силерди таарынткандар үчүн жана куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла”. (Матай 5, 44 – 45).
Кудайдын Рухунан төрөлгөн Жалгыз Өзү жолдоочуларынын күнөөлөрүн кечирет. Ал бизди да башкаларды кечирүүгө үйрөтөт. Ыйсанын кечирүүсүнө чоң сүйүү түрткү болгон. Ыйса Өзүнө баш ийгендерди кара ниеттиктен жана өч алуудан арылтат. Ал Өз эли тарабынан жек көрүлгөн, четке кагылган жана айкаш жыгачка кагылган болсо да, ушу убакка чейин кечирим берүүсүн токтотпойт. Тобо кылып, Ага келгендердин баарына Ал актоо жана түбөлүк өмүр берет.
Урматтуу замандаш, тирүү Ыйса сени Анын Сөзүн кабыл алуу менен Ага ишенүүгө чакырат. Ал сенин рухуңду, жаныңды жана денеңди бардык ыпластыктан тазалап, сага Ыйык Рухтун күчүн берет. Анын чакырыгын угуп, жүрөгүңдү катуулантпа. Бүгүн Ыйса силерге кечирилгендердин жана Кудайдын каарынан кутулгандардын катарында болуу сыймыгын берет. Анын сага сунган колун четке какпа. Анын толуктугунан ырайымдын үстүнө ырайым табасың.
Эгер сен Аны жүрөгүңө кабыл алууну кааласаң, анда Ага биз менен кошо сыйын: «Теңир Ыйса, Сен дүйнөнүн Куткаруучусусуң жана менин Куткаруучумсуң. Мени Кудайдын каарынан жана соттон, текебердигимден жана өзүмчүлдүгүмөн куткар. Менин күнөөлөрүмдү кечир жана мага Ыйык Рухту берүү менен жүрөгүмө түбөлүк өмүр сал. Мени Өзүңдүн жолдоочуларыңдын катарына ал. Сенин осуяттарыңды аткаруу үчүн мага түшүнүк бер. Ыйса Машайактын атынан суранам. Оомийин”.