This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Кудай бизди ушунча сүйгөндүктөн
Эң бир таза наристе дене берген.
Акыл берген, эрк берген, сезим берген,
Жашасын деп Өзүнүн Сөзү менен.
Бирок ошол денени эмне кылдык?
Уулантып, арак менен чылымга ыштадыкпы?
Теңир берген акылды эмне кылдык?
Жалаң жаман, терс жакка жумшадыкпы?
Жаман менен жакшыны ылгасын деп,
Жамандыкка кул болуп калбасын деп,
Не кылдык эркибизди Кудай берген?
Тартынбай кызмат кылып амалкөйгө,
Күнөөнүн балчыгына баттык белден?
Жаратып топурактан, тирилтип өмүр демден,
Даңкташсын дайыма деп өмүр берген.
Күнүмдүк нандан үзбөй ар күн сайын,
Кам көргөн абасы, суусу менен.
Теңирди даңктадыкпы?
Же даңкын чаптап алып өзүбүзгө,
Өзүбүздү өзүбүз мактадыкпы?
Ооба, Кудайдын кудуретин даңктабадык,
Теңирдин ырайымын мактабадык.
Бардыгын өзүм жасап алган сымал,
Өзүмө Анын даңкын чаптап алып,
Эмне кылдык?
Теңирдин Ыйык Сөзүн четке кактык.
Шайтандын бийлигинен бошоно албай
Какшаттык атабызды, сыздаттык энебизди
Ыйлаган үндөрүнө кулак салбай.
Таарынттык нечендерди маани бербей,
Адамча акыл эстүү сөзгө келбей.
Басынттык башкаларды баатыр сынып,
Басынып калаарыбыз эске келбей.
Тил албай өзүбүздү билип келдик,
Ылгабай каалаганды кылып келдик.
Биле албай жолубуздун багыттарын,
Кул болуп күнөөлөргө кирип бердик.
Мактандык аша тойгон тамак менен,
Мактандык өлөөрчө ичкен арак менен.
Алсызга астыртадан кыр көрсөтүп,
Жасалма үңүрөйгөн кабак менен.
Жакпаса жакынбыз ылгабастан,
Ашаттык абийирсиз сөздөр менен.
Тымызын арам ойлуу тузак жайып,
Арбадык эң адепсиз көздөр менен.
Сүйүндүк башкалардын кайгысына,
Кубандык тагдырынын тайкысына.
А балким эртең мен дал ошолдурмун,
Ким кепил андай болбой калышыма?
Алаарда көңүл куунак, кучак кенен,
Берээрде салкын тартып муздап денем.
Эгерде жетпей калсам максатыма,
Дилине уу тамызып ушак менен.
Бирок мунун баардыгы ошол бойдон
Эскербей унутулуп калса кана.
Жооп берээр мезгил келет качандыр бир,
Барк албай өзүң түрткөн Ыйса алдында.
Бирок Анын ырайымы чексиз экен,
Сүйүүсүнө эч кандай тил жеткис экен.
Өкүнүп бүт күнөөңдү мойнуңа алсаң,
Кечирип коё алаары шексиз экен.
Кечирип күнөөлөрдү, ээ кылып бейишине
Атыңды китебине жазып алат.
Жашооңдун бүт тизгинин колуна алып,
Түбөлүк жүрөгүңдө жашап калат.
Жамынып мусулманмын деген атка,
Чындыктан алыс калдык алдаканча.
Ооздо бар, жүрөктө жок, үмүт да жок
Куткарбас ал кудайдан барбы пайда?
Өмүрүң пайда болгон буу сыяктуу,
Билбейсиң эртеңки күн не болорун.
Азыртан жаның үчүн кам көрбөсөң,
Билип кой тозок отто кордолоруң.
Кел тууган кечирим ал күнөөлөрдөн,
Ыйсанын татып чексиз сүйүүсүнөн.
Ыйсасыз бараар жериң түбөлүк от,
А өлүм айтпай келет күтүүсүздөн.