This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Уга бил Кудайымдын назик үнүн
Замандаш куткарылчу күнүң бүгүн
Кайрылсан чын жүрөктөн башыңды ийип,
Ал айткан мен көтөрөм бардык жүгүң.
Киргизсең толук бойдон жүрөгүңө,
Көрөсүң дал ошондо Анын күчүн.
Теңир деп оозуң менен ачык айтсаң,
Билесиң жашаарыңды эмне үчүн.
Досуңа сырыңды айтсаң ушак кылаар,
Өзүңө курал кылып кайра сунаар.
Эң жакын адамың да ишенимсиз,
Акыры бир мезгилде шагын сынаар.
Ал эми өзгөгө эмес, өзүңө да айта албаган
Сырыңды тартынбастан айта аласың.
Кечир деп чын жүрөктөн кайрылганда,
Теңирден түбөлүккө жай табасың.
Эч ким жок Теңирчелик ишенимдүү,
Сыр айтсаң сырың сактап, сыр чечишер.
Чаалыгып чарчаганда жөлөп таяп,
Бирөө да жок Теңирчелик дем, күч берээр.
Ал тургай адашканды жолго салат,
Кетирген баардык күнөөң унут калат.
Аткарып осуятын ак жашасаң,
Түбөлүк бейиш шаарга алып барат.
Кудайдын сүйүүсүнө ченем жетпейт,
Кааласаң өлүмдү да кечеңдетет.
Күнөөсүн чын жүрөктөн сезип билип,
Келсе деп сенден менден үмүт этет.
Замандаш жүрөгүңдү катуулантпа,
Акыры келээр жериң ошол Ыйса.
Пенде үчүн ажал деген тангыс чындык,
Сен аны каалабасаң, кааласаң да.
Ук тууган убактыңды уттурбастан,
Кайрылгын эшик каккын тынч турбастан.
Сурагын - сураганың берилгенче,
Издегин - каалаганың табылганча.
Теңирдин бизге айткан ар бир сөзү,
Жөн эле аткарылбай өтүп кетпейт.
Теңирдин алдындагы аракетиң,
Бил тууган, эч убакта текке кетпейт.
Өмүрүң пайда болгон буу сыяктуу,
Билбейсиң эртеңки күн не болорун.
Азыртан жаның үчүн кам көрбөсөң,
Билип кой тозок отто кордолоруң.
Кел, тууган, кечирим ал күнөөлөрдөн,
Шашылгын, ажал сени көпкө күтпөйт.
Коркпогун куугунтуктан, ушактардан,
Кудайсыз бир тал чачың жерге түшпөйт.
Кудайдын сүйүүсүнө ченем жетпейт,
Ал берген убадасын кечеңдетпейт.
Жазылган: «Асман менен жер өтсө да,
А Менин бир да Сөзүм өтүп кетпейт».