This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Бойдон алдыруу эмне үчүн кылмыш?
Балдар – Теңир берген мурас. Перзенттер – Ал берген сыйлык. (Забур китеби. Дөөттүн ыры 126, 3)
Аборт – эң коркунучтуу кылмыштардын бири катары эсептелинет, себеби бул курсактагы өз балаңды өлтүрүү болуп саналат.
Көзүң көрүп турган баланы өлтүрүү – коркунучтуу кылмыш делип, жазага тартылат. Бирок өкүнүчтүүсү – көзгө көрүнө элек курсактагы баланы жок кылуу да дал эле ошондой кылмыш экендигин сезе билбейбиз. Эч кандай социалдык көрсөтмөлөр: жакырчылык, баш калкалаар жайдын жоктугу, үй бүлөдөгү татаал мамиле, жалгызбойлук же карьерада өсүүнү каалоо – бул кылмышты актай албайт.
Эгерде акыл – эси жайында болгон адам акчанын тартыштыгын же үйдүн тардыгын айтып, бул көйгөйдү чечүү үчүн үйдөгүлөрдүн бирөөсүн өлтүрүп салса, эмне болмок?!
Илимий изилдөөлөр боюнча да, руханий көз караш боюнча да бала – түйүлгөн кезинин эң алгачкы секундаларынан тартып эле – тирүү инсан экендиги айтылат. Анын жашоосуна кол салууга эч кимге укук берилген эмес. Ал – Жараткандын белеги. Ошондуктан, бул алсыз жандын жашоосуна кол салгандын мойнуна күнөө илинет.
Баланын түйүлгөн учурдан тартып эле толук кандуу адам экендигин илимге баш – оту менен кирген дүйнөдөгү окумуштуу адамдар айтышат. Алардын бири – белгилүү университеттердин бириндеги акушердик илимдин профессору Алфред Бонджиоанни мындай дейт: «Өзүмдүн медициналык ишмердүүлүгүмдүн алгачкы күндөрүндө эле бир нерсени түшүндүм: адамдын өмүрү түйүлдүк пайда болгон учурдан тартып эле башталат экен. Дагы бир нерсеге бекем ишенем: адам түйүлгөндөн тартып карыганга чейин жашайт. Ошондуктан, кайсы этапта болбосун өнүгүүнү токтотуу – бул адам өлтүрүүгө жатат».
Бойдон алдырууга аялды мажбур кылган себептердин бири – күйөөсүнүн мамилеси. Күйөөсүнүн жоопкерчиликсиздиги, ишенимсиздиги аялдын келечек тууралуу кабатырланып, коркушуна түртөт. Эркек тарабынан колдоо жок болсо, аял эртеңки күнү баланы туура тарбиялап өстүрө аларына ишене албайт.
Үй бүлөдө өз милдетин жоопкерчилик менен аткара алган эркек болсо, ал жерде баланын төрөлүшү чоң кубаныч алып келет. Ал жерде бала – Кудайдын белеги, жубайлардын сүйүүсүнүн жемиши, тукумдун уланышы катары кабыл алынат. Мындай үй бүлөдө аял балалуу болуудан коркпойт. Ал эми аялдын жүрөгүндөгү кабатырлануу жана коркунуч – үй бүлөнүн башчысында эркектик рухтун өчүп калгандыгынын белгиси.
Бирок бойдон алдырууга түрткү болгон себептин күчтүүлүгүнө карабай, аборт кылдыруу чоң күнөө болуп кала берет!
Чет жактагы дарыгерлердин бири мындай деп бөлүшөт: «Өзүм аборт жасабайм. Мен иштеген төрөткананын биринчи кабатында бойдон алдыруучу бөлмөлөрдүн көптүгү мени кейитет. Ал эми ошол эле төрөткананын үчүнчү кабатында болсо – төрөтүү бөлмөлөрү жана патология бөлүмү жайгашкан.
Ошондо, бул жерде иштеген дарыгер үчүнчү кабатка көтөрүлүп бир баланын өмүрүн сактап калат да, кайра биринчи кабатка түшүп аялга аборт кылып, дал эле ушундай тирүү ымыркайдын өмүрүн алат. Мындай болбошу керек: жанды сактап калып жаткан адам, кайрадан башка жандын өлтүрүлүшүнө катышпоосу керек.
Акушер катары мен бойдон алдыруу үчүн келген көп аялдар менен баарлашып калам. Таң калычтуу нерсе – боюнан алдырган аялдар жашаган үй бүлөлөрдүн бирөөсү да бактылуу боло албаарын байкадым. Андай аял тынчы кеткен, ачууга толгон, күйөөсүнө карата жек көрүүгө, жашоого карата таарынычка толгон жанга айланат. Анын зыяны бүт үй бүлөсүнө тиет».
Курсактагы түйүлдүк – кимдики экендиги белгисиз жөн гана кесек эт эмес. Ал – кимдир-бирөөгө аманат катары берилген жан. Бул нерсеге кайдыгер караган адам менен, жашоо өзү эле эсептешип коет. Кай бир учурда анын жазасы өтө катаал болот.
Учурда адамдардын балага байланыштуу түшүнүктөрү башкача: баланы жеке менчиги катары кабыл алып, аны өздөрү каалагандай пайдаланууга болот деп ишенишет. Бирок баланы адамдар өздөрү каалаганындай жаратып алышпайт. Баланын жаралышы – ушуга чейин эч бир илим түшүндүрүп бере алгыс сырдуу суроо боюнча калып келет. Бала эч качан ата – эненин жетпей калган нерсесин толуктоо үчүн берилбейт. Кудай баланы биздин акыл – оюбуз жеткис, көзгө көрүнбөгөн дүйнөдөн чакырып алып, Өзүнө гана белгилүү болгон максат үчүн биздин дүйнөгө жайгаштырат.
Өлүм менен өмүр – Жараткандын колунда. Демек, баланын жаралышы да Андан гана көз каранды!
Адамдык табияттын үч деңгээли болот: физикалык (денелик) – төмөнкү, жан дүйнө – ортоңку жана руханий – жогорку деңгээл. Эгер жубайлар ушул үч деңгээлдин эң төмөнкүсүндө – физикалык деңгээлде жашап жатышса, анда бири – бирине «эркек – ургаачы» деп гана мамиле кылышат. Мындай деңгээлде жашаган адамдар көп учурда эртеңки күн же кылган ишинин кесепети болорун ойлобой, бүгүнкү күн менен денелик каалоолордун гана жетегинде жашай берет.
Эгерде алар жан – дүйнө деңгээлиге көтөрүлө алышса, анда алардын мамилеси да ошого жараша сапаттуураак болот. Алар бири – бирине жан дүйнөсүн оорутуп албайын деп мамиле кылышат. Бири – бирин аяганга кудуреттери жетет.
Эгерде алар руханий дүйнөгө чыга алышкан болсо, анда алар өз жашоолорундагы көрүнүштөргө Кудайга таянып, таптакыр башкача мамиле кылып калышат.
Эң жогорку руханий деңгээлде ой жүгүртө алган адам үй бүлөсүндөгү майып баласын да же багып алган баланы да сүйүп, анын өсүшүнө жардам берип, кам көрүп, анын кемчилигин толуктап бактылуу кыла алат. Мындай адамдар бала кандай абалда болбосун – анын эң жогорку Кудай тарабынан берилген жан экендигин жакшы түшүнүшөт.
Ал эми жашоонун төмөнкү – денелик деңгээлинде гана калган адам сопсоо төрөлгөн жөндөмдүү баласын да «майыптыкка» жеткирип коет.
Ошентип, кептин баары адамдын ким экендигинде: сага берилген эң сонун адамдарды өзүңдүн кайдыгерлигиң менен таш талканын чыгарып талкалап койсоң болот; ошондой эле төрөлгөндөн алсыз, өнүгүүсү артта калган адам менен жашап, бирок өз мамилең менен ага күч берип, толук кандуу инсанга айландырып кое аласың.
Бала – бул Жараткандын белеги экендигин түшүнүп, ага аздектеп мамиле кылуу – чоң баталарга жол ачат.