This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Кудай бар экендигин кантип билүүгө болот?
Жер жүзүндө кандайдыр бир кудайга, сыйкырдуу күчкө, (рухка) же өздөрүнүн түшүнүгүнөн сырткары турган бир нерсеге ишенбеген бир да эл, бир да уруу жок. Бул өз алдынча бөлүнүп жашаган, башка маданияттарга жуушпаган, айрыкча Жакшы Кабарды билбеген урууларга да тиешелүү. Эмне үчүн мындай? Баарыбыз көзгө көрүнүп турган нерселерден көзгө көрүнбөгөн Жаратканга ыклас буруу жөндөмдүүлүгүнө ээбиз. Автомобиль, саат, жада калса, топчу же кнопка өзүнөн өзү пайда болуп калганына эч ким ишенбейт. Ошондуктан Пабыл Жаңы Келишимде мындай деп жазат: «Дүйнө жаратылгандан бир Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты: түбөлүктүү күчү жана Кудайлыгы Анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнөт. Ошондуктан бул адамдар актана алышпайт”. (Рим. 1, 20). Жаратылыштан гана биз Кудай бар экендиги жөнүндө, Анын ой жөндөмүнүн байлыгы жана күчү жөнүндө жыйынтык чыгарсак болот, бирок Анын мүнөзү (мисалы, Анын сүйүүсү, жашоосу, ырайымдуулугу, боорукердиги) жөнүндө билүү мүмкүн эмес. Ошон үчүн бизге Библия берилген.
Кудай кайда жайгашкан?
Өзүбүздүн адамдык ой жүгүртүүбүз менен биз Кудайды мейкиндикте чектөөгө аракет жасайбыз. Мындай аракеттер бутка табынуучу байыркы элдерде, ошондой эле азыркы убактагы бутпарастарда (кайырдиндерде) байкалат. Гректер өздөрүнүн кудайларын Олимп тоолорунда жашашат деп ишенишкен, ал эми германиялыктар аларды Валүхаллда деп эсептешкен. Лаплас мындай деп айткан экен: “Мен бүткүл дүйнөнү изилдеп чыктым, бирок Кудайды тапкан жокмун; Ушундай эле жыйынтыкка советтик космонавттар да келишкен: “Мен учуп жүргөн убакта Кудайды жолуктура алган жокмун”. (Николаев, 1962 г. Восток – 3). Библиянын көз карашы менен караганда ушул айтылган сөздөрдүн бардыгы түп тамырынан туура эмес, себеби Кудай мейкиндиктен сырткары турат. Ал Өзү мейкиндикти жараткандыктан, Анын бир бөлүгү боло албайт. Анын үстүнө Ал мейкиндиктин ар кандай жеринде, бардык жерде бар. Пабыл ареопагда Афиналык бутпарастарга мындайча түшүндүрөт: “...биз Ал аркылуу жашап жатабыз, Ал аркылуу кыймылдап жүрөбүз, Ал аркылуу бар болуп турабыз”. (Элч. Иш. 17, 28). Забурлардын автору да бул чындыкты моюнга алат: “Басып бара жатсам да, эс алып жатсам да, Сен мени курчап турасың, .. мени үстүмө Өзүңдүн колуңду коесуң”. (Заб. 138, 3 – 5).