This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
"Оо, Кудай, сен бар болсоң кайдасың?", "Сен мага керексиң", "Мен сага суусап жатам", "Сени кантип табам?" Бул чынында эле жүрөктүн жан талашкан кыйкырыгыбы? Чындап эле силер бүтүндөй дүйнөңөр менен Кудайды жалбарып чакырып, Ал тууралуу кусаланып жатасыңарбы? Эмнеге эле Ал дайыма көз алдыңыздан суурулуп, сизге таптырбай каяккадыр сүңгүп кетип, Ага бара турган жолду такыр эле таба албайсыз? Бул изденүүлөрүңүздө сиз жалгыз эмессиз. Адамдар бардык мезгилдерде бардык жерден Кудайды издеп келишкен. Эки миң жыл илгери жаш, бай башкаруучу Ыйсага жетип келип, суроо менен кайрылган: "Түбөлүк өмүргө ээ болуум үчүн, мен эмне кылышым керек?»
Ыйса жогору көтөрүлүп кеткенден кийин, убада кылган Ыйык Рухун жиберген күнү топ элге кайрылган Анын шакирти Петирден «Биз эмне кылышыбыз керек?», «Кудайды кантип табабыз?» деп сурашкан. Бүгүнкү күүлдөгөн турмушта ирээтсиздиктин башкы себеби, Кудайга, анын сүйүүсүнө болгон кусалыкты ачык айтпагандыкта катылып жатат. Себеби кымбаттуу окурмандар, Кудайга ээ болууга умтулуу ар бир адамдын табиятында бар. Биздин жүрөктөрүбүз Кудайды тапмайын жай ала албайт. Кудай менен бир болгондо гана жан дүйнөбүздү жай алдырып, акыл-эсибизди тынчандырата алабыз. Ыйса азап тарткандарды Өзүнө келип тынчтыкка ээ болууга чакырат.
Кудайга муктаждыгыбызды жакшы түшүнүү үчүн, биз анын үлгүсүндө, бейнесинде жаратылганыбызды билгенибиз зарыл. "Анан Кудай мындай деди: «Биздин бейнебиз боюнча Өзүбүзгө окшоштуруп адам жараталы. Алар деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, малдарга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларга, бүт жер үстүнө бийлик кылышсын»." (Башт 1:26) дейт. Ар бирибизге Кудайдын бир кичинекей бөлүкчөсү болгон тирүү жан салынган. Биздин жаныбыз өзүнүн Жаратуучусу менен туура байланышуудагы айкалышууну самайт. Забурчу Дөөт мындай дейт "Бугу тунук суунун башатын эңсегендей, менин жаным да эңсейт Сени, Кудайым! Менин жаным күчтүү, тирүү Кудайды каалайт: Кудайдын алдына качан барып турам?" (Заб 41:2-3) Адамдын тирүү жанын тирүү Кудай гана канааттандыра алат!
Кудайды табуу менен Дөөт өзүнүн эң эле ыйык сактаган сезимдерин сөз менен мындай деп берет "Дөөттүн забуру. Теңир менин Кайтаруучум. Мен эч нерсеге муктаж болбойм." (Заб 22:1). Анын жанынын талаптары канааттандырылган. Ал Жаратуучусу менен жолукканда келе турган жан дүйнө тынчтыгы кандай болорун билди. Даңктоо ырларынын биринде мындай дейт "Анткени Ал суусагандын суусунун кандырды, ачка болгонду жакшылыкка тойгузду." (Заб 106:9). Кудай реалдуу. Аны кадимки адамдык жөндөмдүүлүктөр менен көрүүгө, табууга, түшүнүүгө болбосо да, Анын бар болгондугу, азыр да бар экендиги жана түбөлүк боло тургандыгы четке кагууга мүмкүн эмес факт! Кудай бар! Бул тууралуу эч качан шектенбөө керек! Кудайды табуу үчүн, баарынан мурда Анын бар экенине жана Анын сүйүүсүнө бекем ишенүү керек.
Бирок, Кудай кайда жайгашкан? Ал бир эле убакта тиги жерде да, бул жерде да боло алабы? Ооба, ал бардык жерде! Кудуктун жанынан жолуккан аялга Ыйса, Кудай бардыгын, бардык жерди каптап турган Рух экенин айткан. Ал Өзүнүн бар боло турган жерин алыс, кол жеткис асман менен, ийбадатканалар, сыйынуу үйлөр менен чектебейт. Ал ак мөңгүлүү чокуларда, өрөөндөрдө, асманда, деңизде, сиздин үйүңүздө, унааңызда, бардыгында. Азыркы учурда да Ал сизди курчап турат. Кудайдын адамы Жакып, Кудай ага көрүнбөй анын жанында тургандыгын айткан. Ошол сыяктуу эле биз дагы күнүмдүк, жердик түйшүктөр менен ушунчалык жүктөлгөндүктөн, Ал жаныбызда турса да, Анын катышын билбей, сезбей калабыз. Биз Анын көрүнүшүнүн кандайдыр бир зор кереметин күтөбүз да, биздин ичибизде үн салган, акырын, тынч үнүн тааныбайбыз. Биз токтоп, акырын көз салып, тыңшап көрүшүбүз керек, ошондо гана биз Ага болгон ишенимибизден Аны көрүп, түшүнүп, уга алабыз.
Кудайды издөөдө кандайдыр бир караңгычылыкта адашып жүрүүнүн зарылчылыгы жок. Ал сизден жашынбайт. Ал Өзү сизди издеп жүрөт. Сиз Аны издеп жолго чыккандан алда-канча мурда эле, Ал Өзү сизди издеп аттанган болчу. Ал сиздин Анын түбөлүктүү бүлөсүнө кошулушуңузду каалайт. Ошол жерден Ал ар бирөөнү сүйүп, ар бирөө үчүн кам көрө алмак. Сиз өзүңүздү жоголгондой, бир нерсеге күнөөлүүдөй сезип жатасызбы? Ички дүйнөңүздөгү боштукту, өлүм коркунучун сезип жатасызбы? Бул Кудай сизди чакырып жаткандыгы, анткени Ал сиздин өлүмүңүздү каалабайт. Бул Анын биринчи чакырыгы болушу мүмкүн, бирок акыркысы болуп калышы да ыктымал. Забурда: "Анткени Ал биздин Кудайыбыз, биз Анын жайытындагы элбиз, Анын колу менен жаратылган койлорбуз. Оо, силер Анын үнүн азыр уксаңар кана: «Мериба жеринде, чөлдөгү сыноо күндөрүндө жүрөгүңөрдү өжөрлөнткөндөй, жүрөгүңөрдү өжөрлөнтпөгүлө." (Заб 94:7-8) деп жазылат.
Өзүнүн улуу сүйүүсү менен Кудай бизге Өзүнө алып бара турган жолду көрсөткөн. Ыйык Китепте мындай дейт "Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди." (Жкн 3:16). Машайак Кудайга алып бара турган жол! Ыйса ага: «Жол, чындык жана өмүр Менмин. Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт," - деген. (Жкн 14:6). Түрмөнү кайтаруучу Ыйсанын шакирттеринен: "Куткарылышым үчүн эмне кылышым керек?» - деп сураганда, алар: «Теңир Ыйса Машайакка ишен, ошондо өзүң да, үйүңдөгүлөр да куткарылат» (Элч 16:31) деп жооп берген.
Ар бирибиз күнөөкөрбүз. Муну Кудайдын Сөзү ырастайт. «Бир да адил адам жок." (Рим 3:10). Кудай ыйык, Анын алдында бардык күнөөлөр жийиркеничтүү. Ошондуктан, Анын алдында келели. Адеп-ахлактуу жашоо өзүнөн өзү эч качан биздин күнөөлөрүбүздү жууп кетире албайт. Биз тобо кылып, күнөөлөрүбүздүн баарын артка калтырышыбыз керек. Кудайды, жашооңузда баарынан мурда Аны таанууга суусап турган шартта гана табууга болот. Ал үчүн, өзүңүздү эч нерсеңизди калтырбай бүтүн бойдон жана өзүңүздө болгондун бардыгын Ага тапшырууңуз керек. Өзүңүздөн баш тартуу жолуна түшүп, өзүмчүл ниеттериңиздин бардыгы менен кош айтышууңуз зарыл. Күнөө Кудайга кандай жийиркеничтүү болсо, сиз үчүн да ошондой жийиркеничтүү болуп калышы абзел.
Сиз чындап эле Аны табууга жана Аны менен жашоого умтулуп жатасызбы? Бул суроого башка эч ким эмес, бир гана сиз жооп бере аласыз. Сиз эч нерсе жоготпойсуз, тескерисинче бардыгына ээ болосуз. Эгер сиз токтоп, бурулуп туруп, Кудайга бир кадам жасасаңыз, Аны табасыз. Издеген жан жана издеген Куткаруучу бири бирин дайым табышат! Мына ушул жападан жалгыз кадамды жасасаңыз эле, өмүрдүн булагы болгон Кудай сизге жаңы өмүр, жаңы жүрөк берет да, сизге Өзүнүн артынан ээрчүү эркин салып койот. Ыйык Китепте" Ошентип, ким Машайактын ичинде болсо, ал – жаңы адам. Мурункунун баары өтүп кетти, азыр баары жаңы болду." (2Кор 5:17) дейт.
Азыр эле, так ушул мүнөттө башыңызды ийип, «Мен алдыңа келем, күнөөдөн чарчадым. Мен күнөөкөрмүн жана Сенин улуу сүйүүңө татыксызмын. Кудайым, мен кандай болсом ошол бойдон кабыл алчы, бүт өмүрүмдү Өзүңдүн колуңа тапшырам. Бут алдыңа бүт күнөөлөрүмдү алып келип, кечиришиңди суранам. Мени Өз балаң катары кабыл алчы, мени Өзүң үчүн жашаганга үйрөтчү. Менин күнөөлөрүм үчүн мен эмес Ыйса өлгөндүгүнө мен сага миң мертебе ыраазымын" деп сыйынсаңыз болот.Ушул кеңеш боюнча иш кылсаңыз, «Теңир, менин Кудайым! Мен изөегенимди таптым. Менин кубанычымдын чеги жок», - деп салтанаттуу айта аласыз.