This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Кудай адилеттүү болсо, анда Ал күнөөкөр адамды кантип сүйүп, кечире алат? Бул суроонун жообун түшүнүү үчүн Англияда болгон бир окуяны карасак. Сот өзүнүн досуна мыйзамга ылайык өкүм чыгарып, бирок ошол эле учурда ага болгон сүйүүсүнөн баш тарткан эмес. Ал досунун карызын өз мойнуна алып, анын ордуна төлөп берген. Ошентип, сот адилеттүүлүктү сактоо менен бирге чыныгы сүйүүсүн көрсөткөн. Бул окуя бизге Ыйык Китептеги маанилүү чындыкты ачып берет: Кудай да адилеттүү Сот жана ошол эле учурда адамзатты сүйгөн мээримдүү Ата.
Ыйык Жазууда: «Кудайда калп болушу мүмкүн эмес, кудуреттүү Кудайда адилетсиздик болбойт» (Аюб 34:10) деп айтылат. Кудай биздин айткан сөздөрүбүздү жана кылган иштерибизди гана эмес, жүрөгүбүздө катылган ойлорубузду жана ниеттерибизди да билет. «Андан жашыруун эч бир жан жок. Анын көз алдында баары ачык-айкын. Анын алдында жооп беребиз» (Эврейлер 4:13). Урматтуу окурман, адамдардан айрым каталарыбызды жашыра алышыбыз мүмкүн, бирок Кудайдан эч нерсени жашыра албайбыз. Досубузга айткан жалган сөзүбүз, ата-энебизге жасаган орой мамилебиз же башкаларга карата адилетсиздигибиз - мунун баары Ага белгилүү. Ал эми адилеттүү Сот күнөөгө карата адилеттүү өкүм чыгарат. Ыйык Китепте: «Анткени күнөө үчүн жаза - өлүм» деп жазылган. Бардык адамдар күнөө кылгандыктан, бул өкүм ар бирибизге, сизге да, мага да тиешелүү.
Бирок Кудай адилеттүү Сот гана эмес, мээримдүү Ата дагы. Ыйык Жазууда: «Атасы Уулун сүйөт, ошондуктан бардыгын Анын колуна берди» (Жакан 3:35) деп айтылат. Кудай Өзүнүн жалгыз жана сүйүктүү Уулуна сот жүргүзүү бийлигин да тапшырган. «Анткени Атасы эч кимди соттобойт. Ал соттун бүт бийлигин Уулуна берген» (Жакан 5:22). Англиядагы сот досунун карызын өзү төлөгөндөй эле, биздин Сотубуз Ыйса Машайак да адамзат үчүн эч ким күтпөгөн ишти жасаган. Ал күнөөлөрүбүз үчүн жазаны Өз мойнуна алып, айкаш жыгачта Өз өмүрүн берген. Ошентип, Кудайдын адилеттүүлүгү менен адамзатка болгон чексиз сүйүүсү Ыйса Машайак аркылуу ачылган.
Кымбаттуу окурман, Кудай сиздин жашооңузду, кылган иштериңизди, атүгүл эч кимге айтпаган ойлоруңузду да билет. Ошого карабастан, Ал сизди сүйөт жана кечирим алууга мүмкүнчүлүк берет. Кудай күнөөнү көз жаздымда калтырбайт, бирок Ыйса Машайактын курмандыгы аркылуу күнөөкөр адамга куткарылуунун жолун ачкан. Демек, адилеттүү Кудай күнөөкөр адамды кантип сүйүп, кечире алат деген суроонун жообу - Ыйса Машайакта. Анын курмандыгы аркылуу күнөөлөрүбүз кечирилип, Кудай менен болгон мамилебиз калыбына келе алат. Эми өзүбүзгө суроо берели: биз Кудайдын ушундай улуу сүйүүсүнө кандай жооп берип жатабыз?