• Башкы бет
  • Сабактар
    • Аудио сабактар
    • Textual Lessons
    • Video Lessons
  • Макалалар
  • Ыйса менен жолугушуу
  • Биз менен байланышыңыз

керемет
0:00

Радио угуу

...же...

Сакталган макалалар

Август 2026
Июль 2026
Июнь 2026
Май 2026
Апрель 2026
Март 2026
Февраль 2026
Февраль 2024
Январь 2024
Декабрь 2023
Ноябрь 2023
Октябрь 2023
Сентябрь 2023
Август 2023
Июль 2023
Июнь 2023
Апрель 2023
Март 2023
Февраль 2023
Январь 2023
Декабрь 2022
Ноябрь 2022
Октябрь 2022
Сентябрь 2022
Август 2022
Июнь 2022
Май 2022
Май 2018
Январь 1970

This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.



Шамалды да, көлдү да баш ийдирген бул ким?

26 Август 2026

"Ыйса кайыкка түшкөндө, шакирттери кошо түшүштү. Күтүлбөгөн жерден көлдө чоң толкун башталды. Кайыкты толкун ура баштады. Ыйса болсо уктап жаткан эле. Шакирттери Ага келип: «Теңир, бизди сактай көр, чөгүп баратабыз», – деп, Аны ойготушту. Ошондо Ыйса аларга: «Эмне мынча корктуңар, ишеними аздар?!»  – деди да, ордунан туруп, шамал менен көлгө тыюу салды. Ошондо улуу тынчтык орноду. Адамдар: «Шамалды да, көлдү да баш ийдирген бул ким?» – деп таң калышты." (Матф 8:23-27) Шамалды да көлдү да баш ийдирген бул ким чынында?

Ыйса шакирттери менен кайыкка түштү. Күтүлбөгөн жерден катуу шамал башталды. Толкун чоң болгондуктан суу кеменин ичине кире баштады. Кеме акырындык менен чөгө баштады. Ошондо шакирттерин коркунуч басты. Алар Ыйса Машайакты ойготушту. Ыйса ойгонуп көлгө жана шамалга тыюу салды. Көл тынчып калды. Аны көргөн шакирттери “Шамалды да көлдү да баш ийдирген бул ким?” деп таң калышты. Бул сөзгө жакшылап маани берсек, шамалды да көлдү да баш ийдирген бул ким? Адам баласына балким, жаныбарлар баш ийиши мүмкүн, бирок жаратылыш эмес. Ыйса Теңир кылган керемет Анын Кудайдан келгенин далилдөөдө.

Жогоруда айтылгандай көл – бул биз жашап жаткан дүйнө. Биз баарыбыз ошол көлдөбүз жана ар бирибиздин өзүбүздүн жекече кемебиз бар. Биз баарыбыз аркы өйүзгө, б.а. бейишке сүзүп өтүшүбүз керек. Бирок ошол жээкке өтүшүбүзгө жашоодогу толкундар тоскоолдук кылат. Ошол толкундарды токтотуу үчүн, Ыйсаны жашообузга жардам берүүсүн чакыралы. Эгер сиздин жашооңузда чоң толкун болуп жатса, Ыйса Машайакты чакырыңыз, ал толкунду токтотуп бере алат. Ыйса Машайактын кылган иштери Анын Кудайдан келгенин тастыктап турат. Ыйса айтат: "Мага ишенгиле: Мен Атамдын ичиндемин, Атам Менин ичимде. Сөзүмө ишенбесеңер да, кылып жаткан иштеримди көрүп, Мага ишенгиле." (Жкн 14:11)


Ой-пикирлер...
Көрсөтүү үчүн ой-пикирлер жок

Ой-пикир калтыруу...
Ыйса менен жолугушуу

Акыркы макала

Шамалды да, көлдү да баш ийдирген бул ким?

Толук маалымат...

Тез шилтемелер


© 2014-2026 Ayanisa