This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Ыйык Жазууда жазылган Ыйса Машайактын бийлиги жөнүндөгү окуяны окусак. Матф 8:23-26: "Ыйса кайыкка түшкөндө, шакирттери кошо түшүштү. Күтүлбөгөн жерден көлдө чоң толкун башталды. Кайыкты толкун ура баштады. Ыйса болсо уктап жаткан эле. Шакирттери Ага келип: «Теңир, бизди сактай көр, чөгүп баратабыз», – деп, Аны ойготушту. Ошондо Ыйса аларга: «Эмне мынча корктуңар, ишеними аздар?!» – деди да, ордунан туруп, шамал менен көлгө тыюу салды. Ошондо улуу тынчтык орноду."Окуя Галилея көлүндө болгон. Бул көлдө башка көлдөрдөн айырмаланып, тез эле чоң толкун башталат экен. Себеби, коктудан келген шамал суунун үстүн көтөрүп, бат эле чоң толкундарды пайда кылат экен. Мат.8:23-27. Шамалды да көлдү да баш ийдирген бул ким?
Ыйса шакирттери менен кайыкка түштү. Күтүлбөгөн жерден катуу шамал башталды. Толкун чоң болгондуктан суу кеменин ичине кире баштады. Кеме акырындык менен чөгө баштады. Ошондо шакирттерин коркунуч басты. Алар Ыйса Машайакты ойготушту. Ыйса ойгонуп, көлгө жана шамалга тыюу салды. Көл тынчып калды. Аны көргөн шакирттери “Шамалды да, көлдү да баш ийдирген бул ким?” деп таң калышты.
Урматтуу окурман, сөзгө жакшылап маани берсек, шамалды да, көлдү да баш ийдирген бул ким? Адам баласына балким, жаныбарлар баш ийиши мүмкүн, бирок жаратылыш эмес. Ыйса Теңир кылган керемет Анын Кудайдан келгенин далилдөөдө. Жогоруда айтылгандай көл – бул биз жашап жаткан дүйнө. Биз баарыбыз ошол көлдөбүз жана ар бирибиздин өзүбүздүн жекече кемебиз бар. Биз баарыбыз аркы өйүзгө, башкача айтканда бейишке сүзүп өтүшүбүз керек. Бирок ошол жээкке өтүшүбүзгө жашоодогу толкундар тоскоолдук кылат. Ошол толкундарды токтотуу үчүн, Ыйсаны жашообузга жардамга чакыралы. Эгер сиздин жашооңузда чоң толкун болуп жатса, Ыйса Машайакты чакырыңыз, ал толкунду токтотуп бере алат. Ыйса Машайактын кылган иштери Анын Кудайдан келгенин тастыктап турат. Ыйса айтат: “Мага ишенгиле: Мен атамдын ичиндемин, Атам Менин ичимде. Сөзүмө ишенбесеңер да, кылып жаткан иштеримди көрүп, Мага ишенгиле”. (Жак.14:11)