This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Зомбулук – бул адамдын башка адамдын үстүнөн күчүн, бийлигин ашыкча колдонуусу.
Зомбулук адамдар арасында кылымдап жашап келген кылмыш. Ал эркектер, аялдар, балдар, жаштар жана карылар арасында кездешкен көрүнүш. Ошентсе да, дүйнө жүзү боюнча зордук – зомбулукка аялдар менен балдар көп кабылышат. Дүйнөлүк статистика боюнча, жылына 700 миңден – 4 миллионго чейин балдар менен аялдар сойкулукка мажбурланышат жана ушул максатта сатылышат.
Аялдар менен балдарга колдонулган зомбулук эң көп жасалуучу, бирок эң аз жазалануучу кылмыш.
Зомбулукту ачыкка чыгарууга эң эле көп мүмкүнчүлүк бар, бирок кай бир сезимдер (коркуу, намыстануу) аны ачыкка чыгарууга тоскоолдук кылат. Өзгөчө үй бүлө ичиндеги зордук – зомбулук жашырылып келет.
Унчукпай жашыруунун себеби эмнеде?
Анын себеби көп түрдүү: кай бирлери бийликтегилерден, зомбулук көрсөтүп жаткан адамдан, жумушту жоготуп коюудан коркушат. Башкалары түйшүктөн качышат. Үчүнчүлөрү тууган – туушкандардын тыюусунан улам унчукпай калышат. Кээде зордук – зомбулукту жең алдынан эле бүтүрүп коюшат. Унчукпоонун дагы бир себеби: намыстануу, уялуу.
Зордук – зомбулуктун төмөндөгүдөй түрлөрү бар:
- эмоционалдык (шылдың, басынтуу, кай бир милдеттерди таңуулоо…)
- физикалык (түртүп жиберүүдөн баштап, чачтан алуу, зордуктоо, уруп – сабоо, өлтүрүү, талкалоо…)
- психологиялык (коркутуу, жокчулукта кармоо, балдарды тартып алуу…)
- сексуалдык (мажбурлоо, сексуалдык курал катары кароо жана колдонуу…)
- үй бүлөдө карыларга, аял кишиге, балдарга, алсызыраагына көрсөтүлгөн зомбулук
- социалдык (чөйрөдөн, туугандардан бөлүп таштоо)
- экономикалык (үй бүлөлүк кирешени калыссыз бөлүштүрүү, иштөөгө тыюу салуу, адамдарды сатуу)
Зордук – зомбулукка түрткү болгон себептер
Кайдыгерлик, аракечтик, наркомания, жумушсуздук, сабатсыздык, финансылык көз карандылык, интернеттен көргөнүн тууроо зомбулукка алып келүүчү себептер болуп эсептелинет. Ошондой эле, адамдардын арасында кылымдап жашап келген коомдук же диний көз караштар да зомбулуктун жаралышына шарт түзөт. Мисалы, кай бир ишеним боюнча аялды сабап турууга, керек болсо өлтүрүп коюуга жол берилет. Кай бир элде күйөөсү өлгөндө, аялы ага тиги дүйнөдөн кызмат кылсын деп кошо көмүү салты болгон. Же кай бир диний көз караштар мифтерге айланып, зомбулуктун негизи болуп келет. Мисалы, аялдын шайтанын ичинен кууп чыгарып туруш керек деген миф. Коомдун ичинде жедеп катып калган түшүнүктөрдүн, аялзатына буюм катары мамиле кылуунун өзү да зомбулукка себепчи: «Катын өлсө камчысап, кайра төшөк жаңырат…», «торпок кезинде сүзүп кой».
Зомбулуктун гүлдөп жатышынын эң негизги себеби – бул анын жазасыз калуусу. Жазасыз калуу – кийинки зордукка жол ачат.
Зомбулуктун тамыры адамдын табиятынын тээ тереңинде жатат.
Пайгамбарлар айтып келгендей, адамдын жүрөгү түпкүрүнө чейин бузулган. Адам бийлик кылууну жакшы көрөт, ал өз бийлигин бат эле ашыкча, туура эмес колдонуп кое алат. Анын кесепети зомбулукка алып келет. Дүнүйөкорлук, акча жандуулук, тарбиядан кем болуу, өзүмчүлдүк, кудайсыздык, көрө албастык, кызганыч – мына ушунун баары зомбулуктун тамыры.
Албетте, зомбулуктун аягы эмне менен бүтөөрү баарыбызга жакшы маалым. Зомбулук үй бүлөнүн талкаланышына, катуу стресске, терең депрессияга, ишенбестикке, шекчилдикке, керек болсо өлүмгө да алып келет.
Зомбулуктун натыйжасында адам түрдүү кыйынчылыктарга дуушар болот:
- денелик кыйынчылыктар: инфекцияга дуушар болуу, бойго бүтүп калуу, ооруга чалдыгуу, жаракат алуу же өлүм;
- эмоционалдык кыйынчылык: өзүн жараксыз сезүү, ый – кайгыга малынуу, адамдарга карата ишенимдин жоголушу;
- социалдык кыйынчылык: бөлүнүү, көчөгө чыгуудан же жалгыз калуудан коркуу, эркектерге шектүү карап, жек көрүү;
- финансылык кыйынчылык: дарыгерлерге, психологго төлөнгөн чыгым, жумушун жоготуу;
- психологиялык кыйынчылык: коркунуч, өзүн күнөөлөө, өзүнөн жийиркенүү, жаман ойлордун, түштөрдүн тынбай келе бериши, өч алуу сезими, таарыныч, көңүл калуу, акылынан айнуу;
- руханий кыйынчылык: Кудайга таарынып, Аны күнөөлөө;
Мындай кыйынчылыкка дуушар болгон адамдын айыгышы үчүн көп убакыт талап кылынат.
Зордук – зомбулук көргөн адамга жардам берүүнүн кай бир жолдору:
Жаныбыздагы аялдар менен балдар, алсыз адамдар зомбулук көрүп жүргөнүн билип, байкап жүрүп, бирок эч кандай аракет кылбай жүргөн болсоңуз, анда бүгүндөн баштап зордук – зомбулук менен күрөшүүгө аракеттениңиз. Анткени зордук – зомбулукту токтотууга аракеттенбесек, бир күнү ал сизге, сиздин жакындарыңыздын башына түшпөйт дегенге кепилдик жок.