This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Бул тема бүгүнкү күндө эң актуалдуу. Аны туура түшүнүү үчүн туура суроолорду коюу абзел.
Кудай тууралуу чындыктарды билүүгө мен канчалык ынтызармын?
Адам Кудай тууралуу чындыктарды так, туура билгиси келсе, анда ага атайы убакыт бөлүүсү зарыл жана чоң каалоосу болушу керек. Бирөөлөр менен үстүртөдөн эле бир-эки саат Кудай жөнүндө сүйлөшүү – базарды кыдырып, көрсөтмөлөрдөгү кийимдерди эле карап койгондой. Мындай кылуу менен эч нерсеге ээ боло албайсың. Ошондой эле өзүң динчил адам катары көрсөткөн адамдын сөзүн угуп, ошол адам айткан нерсени туура деп талаша берүүгө да болбойт. Суусаган адам суу ичкиси келгендей, Кудай жөнүндө билгиң келип жатса, бул жакшы каалооң экенин билдирет. Ушул учурда адамдын Кудай сөзүн окууга, туурабы же туура эмеспи деп изилдөөгө убактысы да, каалоосу да болот. Демек, Кудайдын чындыктарын билүү үчүн биринчи кадам: чындыкты билүүгө ынтызар болуу жана ага убакыт бөлүү. Бул Ыйык Жазуудагы төмөнкү аяттар менен баса белгиленет. “Бугу тунук суунун башатын эсегендей, менин жаным да эңсейт Сени, Кудайым!” (Забур 41:2). “Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары кошулуп берилет” (Матай 6:33).
Кудай жөнүндөгү чындыкты кантип билем?
Адам билбеген көп нерселер бар, ал көйгөйдү адам баласы кантип чечээри баарына белгилүү. Биз билбеген нерселерибизди башка адамдардан сурайбыз, анан билген адамдар аны айтып беришет. Кээде биз издей турган учурлар болот, бир нерсени билүү үчүн китептерден, интернеттен издейбиз. Кай бир учурда таттуу уйкубуздан ойгонуп да издеген учурларыбыз болот. Сураштырып, издеп тапкан нерсебизге киргибиз келет, кирүү үчүн жол издейбиз. Мисалы, жакшы жумуш сураштырып жаталы дейли. Досторубуз же жакын туугандарыбыз жакшы иштин чоо-жайын билип, бизге ал тууралуу маалымат беришет. Эгерде биздин ошол жумушка болгон кызыгуубуз болсо, анда дароо дареги боюнча издеп таап барабыз. Тапкандан кийин: “Ии, жумуш ушул жерде турбайбы!” – деп эле кетип калбайбыз да, туурабы? Ошол жумушка кирүү үчүн эшигин тыкылдатабыз. Жоопкерчиликтүү жетекчи кабыл алып, бизге баарын түшүндүрүп берет: иштин шартын, тартибин айтат. Жумушка канчада келүү керек, канчада жумуш бүтөт. Кандай кийим кийип келүү керек, тамеки тартып, арак ичкенге болобу же болбойбу? Кирип, чыгуу да атайын уруксат менен болобу же каалаган учурда кирип, чыга берсе болобу – баарын түшүндүрөт. Айтылган шарттарга макул болсок, жумушка орношобуз. Кудай жөнүндө чындыкты билүү да ушундай: “Сурагыла, ошондо силерге берилет. Издегиле, ошондо табасыңар. Тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат. Анткени сураган адам алат, издеген адам табат жана тыкылдаткан адамга эшик ачылат” (Матай 7:7). Ошентип, сурагыла, сурап билген нерсеңерди издегиле. Издеген нерсеңерди тапкыла. Тапкан нерсеңерди тыкылдатып, ичине киргиле. Кудайдын чындыгын билиш үчүн сураш керек, издеш керек, анан кирүү керек.
Кудайдын чындыгын кимден сураш керек?
Бул эң олуттуу суроолордун бири. Адамдар көп нерсеге муктаж болушат, бирок алар муктаж болгон нерсесин көрүнгөн адамдан эле сурай бербейт. Эң жакын адамдарынан сурашат. Адамга эң жакын адам – ата-эне, андан жакын адам жок. Бизге жеке эле тамак-аш даярдап жегенди эмес, жада калса, сүйлөгөндү да, өз атыбыз ким экенин да, жакшы-жаман деген эмне экенин, деги баарын алардан үйрөнөбүз. Мунун баарын ата-энемден үйрөндүм деп бир киши да айтпайт, бирок бүт алардан үйрөнөбүз. Өкүнүчтүүсү, Кудай жөнүндөгү негизги чындыктарды бардык эле ата-эне биле бербейт. Ата-энелер тууралуу Кудай Сөзүндө мындай деп жазылган: “Араңарда нан сураган уулуна таш берген адам барбы? Же балык сураган уулуна жылан берген адам барбы? Силер жаман болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билсеңер, анда Асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга жакшы нерсени берери анык” (Матай 7:9-11). Жердеги ата-эне балдарына жаман нерсе бербейт, ал эми Асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга жакшы нерсени берери анык.
Кудай тууралуу чындыкты Кудайдан артык ким билет?
Эч ким. Ыйык Жазууда Кудайдын түшүнүү жөнүндө мындай сөздөр жазылган: “Биз Кудайдын жашыруун сыр катары сакталып келген акылмандуулугу жөнүндө сүйлөйбүз. Биздин даңкталышыбыз үчүн, Кудай аны дүйнө жаратыла электен мурун эле белгилеп койгон. Ал акылмандыкты бул дүйнөнүн бийликтегилеринин бири да түшүнгөн жок. Түшүнсө, даңктуу Теңирди айкаш жыгачка кадашмак эмес. Ыйык Жазууда жазылгандай, “Кудай Өзүн сүйгөндөргө көз көрбөгөн, кулак укпаган, адамдын оюна да келбеген нерсени даярдап койгон”. Бизге муну Кудай Өзүнүн Руху менен ачып берди. Анткени рух бардыгын, Кудайдын улуу сырларын да билет. Адамдын оюнда эмне бар экенин ким билет? Адамдын ичиндеги рухтан башка эч ким билбейт. Ошол сыяктуу эле Кудайдыкын Кудайдын Рухунан башка эч ким билбейт. Кудайдын бизге эмне бергенин билишибиз үчүн, биз бул дүйнөнүн рухун эмес, Кудайдын рухун кабыл алдык. Биз аны адамдык акылмандык аркылуу үйрөнгөн сөздөр менен жарыялап жаткан жокпуз, Ыйык Рух аркылуу үйрөнгөн сөздөр менен рухий адамдарга рухий тилде жарыялап жатабыз. Табигый адам Кудайдын Руху ачып берген чындыктарды кабыл албайт, анткени ал муну акылсыздык деп эсептейт. Ал муну түшүнө албайт, анткени бул жөнүндө рухий ой жүгүртүү керек. Рухий адам бардыгы жөнүндө ой жүгуртө алат, бирок ал адамга эч ким баа бере албайт. Кудайды үйрөткүдөй, Анын акыл-оюн ким билиптир? Ал эми бизде Машайактын акылы бар (1 Кор. 2:7-16).
Адам өз акылы менен Кудайга ишенмек турсун, Анын душманы да болуп калуу коркунучу бар экени жазылган. Негизги чындыктарды түшүнүү үчүн, Кудайга сыйынуу керек, ошондо Аны таанып-билүү үчүн адамга Кудайдан акыл берилет. Ал акыл – адамдык акылдан жогору. Адамдык акыл болсо пенделик түшүнүк менен Кудайга баа берүү болуп эсептелет. Анткени алар “мен ушундай ойлойм”, “мен ушундай ишенем”, “атактуу адам ушундай деген”, “бул окумуштуу же бир падыша айткан” деп , адамдык түшүнүктү жогору коёт. Ал эми Кудайдан келген акылмандык Кудайдын мурун ачып берген чындыктарына негизделет. Кудай жөнүндө чындык бир эле адамга ачылбайт. Ал көп адамдарга ачылат. Бирок ал адам жаралгандан баштап акыр заманга чейин ошол бир эле чындык боюнча калат. Орто жерден таптакыр башка болуп өзгөрүп кетпейт. “Анткени Ыйык Жазууда: “Даанышмандардын даанышмандыгын жок кылам, акылмандардын акылын четке кагам” – деп жазылган. Даанышман кайда? Мыйзамды окутуучу кайда? Бул дүйнөнүн акылдуусу кайда? Бул дүйнөнүн акылмандуулугун Кудай акылсыздыкка айландырган жокпу? Өзүн акылман санаган бул дүйнө Кудайды кудайлык акылмандуулук боюнча тааныбай койгондуктан, Кудай ишенгендерди акылга сыйбаган сөз аркылуу куткарып алууну туура тапты” (1 Кор. 1:19-21).
Ошентип, “Кудайдын чындыгын кимден сураш керек?” – деген суроого биз “Кудай Сөзүнөн – Библия китебинен” деп жооп алсак болот. Анда адам жаралгандан баштап, акыр заман болгонго чейинки окуялар толук жазылган. Адам чектелүү гана акылга, денеге ээ болгондуктан, анын ою, түшүнүктүү да чектелүү. Ыйса адамдар менен сүйлөшкөндө “мен силерге жердегини айтсам түшүнбөйсүңөр, асмандагыны айтсам кантип түшүнөсүңөр” деген. Аюб китебинде: “Кудайды сен изилдөөң менен таба аласыңбы? Кудуреттүү Кудайды толук түшүнө аласыңбы? Ал асмандан да бийик, эмне кыла аласың? Ал өлгөндөр жаткан жайдан терең, эмне биле аласың? Анын чечими жерден узун, деңизден кенен” – деп жазылган (Аюб 11:7-9).
Кудай жөнүндө чындыкты Ыйса-Теңир толук билет жана Кудайды адамдарга Ал гана ачып бере алат. Бир дагы пайгамбар Ыйса Теңир айткандай айткан эмес, айта да алышпайт. “Ыйса сөзүн андан ары улантып мындай деди: “Ата, асман менен жердин Теңири! Муну даанышмандар менен акылмандардан жашырып, наристелерге ачып бергениң үчүн Сени даңктайм! Ооба, ата! Анткени Сенин тилегиң ушундай болчу. Мага бардыгын Атам берген. Уулду Атадан башка эч ким билбейт. Атаны Уулдан башка жана Уул кимдерге ачып бергиси келсе, ошол адамдардан башка эч ким билбейт” – деп айткан (Матай 11:25-27). Бул Кудайдын чындык сөздөрү. Ыйсадан башка Кудайды эч ким ачып бере албай тургандыгын бул аяттар ырастап турат: “Жогорудан келген баарынан жогору. Бул дүйнөдөн Келген бул дүйнөгө таандык, ошондуктан дүйнөдөгүнү сүйлөйт. Асмандан Келген баарынан жогору. Ал асмандан көргөн-укканы жөнүндө күбөлөндүрөт. Бирок анын күбөлөндүрүүсүн эч ким кабыл албайт. Ал эми Анын күбөлөндүрүүсүн эч ким кабыл албайт. Ал эми Анын кабыл алуусун кабыл алган адам Кудайдын чындык экендигин далилдеди. Кудай жиберген Адам Кудайдын сөзүн сүйлөйт. Анткени Кудай Рухту ченемсиз берет. Атасы Уулун сүйөт, ошондуктан бардыгын Анын колуна берди. Кудайдын Уулуна ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ, ал эми Ага баш ийбеген адам өмүргө ээ болбойт, Кудайдын каары анын үстүндө болот” (Жакан 3:31-36). Ыйса жогорудан, Кудайдан келди. “Анткени Мен Өз каалоомду эмес, Мени жиберген Атамдын каалоосун аткарыш үчүн, асмандан түштүм” (Жакан 6:38). “Тооратта мындай деп жазылган: “Ошентип, биринчи адам – Адам ата тирүү жан болуп калды”. Ал эми акыркы Адам – өмүр берүүчү рух. Адегенде табигый адам, андан кийин рухий Адам келди. Топурактан жаратылган биринчи адам жерден, экинчи Адам асмандан келди. Жердеги адам кандай болсо, асмандагылар да ошондой. Азыр жердеги адамдын бейнесин алып жүрөбүз, кийин асмандан келген Адамдын бейнесин алабыз (1 Кор 15:45-49). Адамдын жашоосу жердеги жашоо менен эле бүтпөйт. Ал түбөлүктүү. Түбөлүктө биз Кудай менен болушубуз үчүн Ыйса асмандан келген.