This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Изилдесек эң башында Сүйүү болгон,
Сүйүү баарын сонун кылып жасап койгон.
Мен дайым Ал жɵнүндɵ ойлой берем,
Оо, досум ак Сүйүүнү сен да ойлон.
Баалай бил Сүйүүнүн улуктугун,
Байкагын Сүйүүнүн тунуктугун.
Кыйналганда “Сүйүү Ɵзү барбы?” – деген,
Шек санаган ойлоруңду унуткунуң.
Сүйүү бар, жылдыздар жымыңдашат,
Жылмайып күн дагы нурун чачат.
Табият да таңыркап Ал сүйүүгɵ,
Учурунда күн менен түн алмашат.
Күндɵн да ысык болгон Ал сүйүүдɵн,
Таш болгон жүрɵктɵр да ээрип кетет.
Калыңдап туздай болуп катып калган,
Кɵңүлүң кɵтɵрүлүп сергип кетет.
Сүйүү бул абдан ыйык абдан улуу,
Ал керемет, анан да абдан сулуу.
Жаркыраган акыл жеткис Ал сүйүүгɵ,
Кандай бакыт ишенип колду сунуу.
Сүйүүгɵ периштелер таңданышат,
Тынбастан “ыйык” – дешип даңктап ырдайт.
Бул жашоодо ким ээ болсо ал Сүйүүгɵ,
Түбɵлүккɵ бейиште жыргап куунайт.
Жазуудагы сɵздɵрдү кɵрɵлү эстеп,
Бир кездерде асман жер да ɵтүп кетет.
Кɵрдүңбү, баардык нерсе чеги менен,
А Сүйүү түбɵлүктүү чексиз кенен.
Сан жетпеген периштелер арасында,
Люцифер деген сулуу пери болгон.
Кудай Теңир ал ɵзгɵчɵ периштени,
Башкаларга башчы кылып коюп койгон.
Таңданып ак Сүйүүнү ал да карап
“Мен ушундай боломун” деп ичтен санап.
“Теңдештирем тактымды Сүйүүгɵ” – деп,
Менменсинип акырында кулап калат.
Анан да бул сɵздɵргɵ кɵңүл бурсаң,
Сүйүү бул элес эмес тирүү Инсан.
Жайылган кучагына жыгыласың,
Күнɵɵң үчүн ɵкүнүп тобо кылсаң.
Турмушта баары ɵлɵт, Сүйүү ɵлбɵйт,
Жүрɵгү таза эместер Аны кɵрбɵйт.
Жашоодо баары бүтɵт, баары токтойт,
Бирок бил Сүйүү деген түк түгɵнбɵйт.
Эй, адам, түшүнүп муну билгин,
Эң таттуу канттан да Сүйүү ширин.
Баардык жерде ок ɵтпɵс калкан болчу,
Сүйүү менен курчанып кийингиниң.
Сүйүү бул абдан чексиз болгондуктан,
Толуктап эч ким Аны айткан эмес.
Сүйүүнү даңазалап жаза берсек,
Бул дүйнɵгɵ китептер батмак эмес.
Сүңгүп кирип кызыгына сүйүүнүн,
Мен болгону жазып калдым бир үзүм.
Карагыла ак сүйүүнүн таттуусун,
Араңдан зор таттым окшойт тамчысын.